Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАРДАН САК БОЛУҢУЗ!

6 2 2023

 

Урматтуу кардарлар,
Улуттук банк эскертет!
Социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу “Улуттук банк сурамжылоо жүргүзүп жатат, анын жыйынтыгында каалагандар 20 миң сом өлчөмүндө сыйлык ала алат” – деген, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар активдешти. Белгилей кетсек, Улуттук банк белгисиз сайттарга шилтеме берүү менен билдирүүлөрдү жайылтуу аркылуу утушка ээ болуучу эч кандай сурамжылоо жүргүзгөн эмес жана жүргүзбөйт.
Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар!
Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз!
Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз.
Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз!

Бардык жаңылыктар