Биз депозиттер боюнча пайыздык чендердин сом менен жылдык 14%га чейин жогорулагандыгы тууралуу кубануу менен билдиребиз! Биздин заманда убакыт жана үнөмдөө чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз, ошондуктан биздин кызматтарды эң пайдалуу жана ишенимдүү кылуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз.
* Жылдык натыйжалуу пайыздык чен 14,93%
Депозиттер боюнча чендердин жогорулашы – чогулткан каражаттардан кошумча киреше алууну каалагандар үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Биз сизге ылайыктуу боло турган ар кандай мөөнөттөгү депозиттердин ар кандай варианттарын сунуштайбыз.
Сиздин муктаждыктарыңызга оптималдуу ылайык болгон депозиттин түрүн тандаңыз жана ссылка аркылуу сизди кызыктырган депозиттик бөлүмгө өтүп, депозиттик калькулятор менен чогулган акчаны эсептеңиз.
Биздин депозиттер каражатты сактоонун эң ишенимдүү ыкмаларынын бири болуп саналат, анткени алар КРнын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот.
Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:
- Жагымдуу пайыздык чендер;
- Каалаган ыңгайлуу убакта толуктоо;
- Онлайн ачуу жана толуктоо мүмкүнчүлүгү;
- Банк бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталга ээ жана келишимдердин шарттарына ылайык бардык кардарларга депозиттер боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөөгө кепилдик берет.
Депозитти толуктоо үчүн ай сайын кеңсеге баруунун кажети жок - эсепти үйдөн чыкпастан, аралыктагы каналдар аркылуу башкарууга жана толуктоого болот:
- "Компаньон” мобилдик тиркемеси;
- Интернет-банкинг
- Компаньон Банкынын төлөм терминалдары жана Pay24, QuickPay, UMAI, О!, Оңой, MegaPay, Unipay өнөктөш терминалдары. Сиз бул терминалдар аркылуу депозиттерди толуктай аласыз.
- Мындан тышкары, депозиттик эсепти башка электрондук капчыктар: О!деньги, Balance, Megapay, Элкарт, МВank, Optima 24, My-Halyk, РСК 24, Элсом жана мобилдик банкинг аркылуу толтура аласыз.
Биз кардарларыбызды баалайбыз жана эң жогорку деңгээлдеги кызматтарды көрсөтүүгө умтулабыз, ошондуктан биз кызматтарыбызды жакшыртуу үчүн тынымсыз иштейбиз. Депозит ачып, каржылык максаттарыңызга жетиңиз.
Компаньон Банкы – Кыргызстандын финансы рыногунда 19 жылдык кынтыксыз ишмердүүлүк.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.