Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРДАРЛАРЫНЫН КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОРУ

28 3 2023

Компаньон Банкы кардарлар менен ишеним, сый-урмат жана чынчылдыкка негизделген узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди курууну көздөйт. Сиздердин кайрылууңуздар жараяндарды, продуктуларды жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Банкта даттанууларды өз убагында кароо жана аларга реакция жасоо боюнча заманбап технологиялар түзүлгөн. Тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында, ар бир келип түшкөн даттануу кызматкерлер тарабынан Кардарлардын кайрылууларын кароо жол-жобосунун көчүрмөсүнө ылайык жүргүзүлөт.

Кайтарым байланыш үчүн коммуникациянын ар-кандай жолдору бар: кат түрүндө, оозеки – буларды баары кардарлар үчүн жеткиликтүү.

Кардарлардын кайрылуу жолдору:

  • Банкктын бөлүмүнө берилген жазуу жүзүндөгү арыз
  • Банктын бардык бөлүмдөрүндөгү арыздар жана сунуштар китеби
  • Банктын официалдуу сайтындадагы Кайра байланыш бөлүмү
  • Эгерде кардар кызматкерлердин туура эмес иштерине (алдамчылык, пара алуу ж.б.) күбө болсо, бекер ишеним телефону: 88 08 (үн билдирүүлөрдү гана кабыл алат)
  • Кардарларды колдоо кызматы: 88 00
  • Социалдык тармактардагы Банктын расмий баракчалары аркылуу кайрылуулар
  • Финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдү жеке кабыл алуу. Кабыл алуу графиги менен бул жерде таанышсаңыз болот.

Компаньон Банкы көрсөтүлгөн ишенимге жана кайтарым байланышты алуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирет.

Кошумча суроолор боюнча Банктын Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз)

Бардык жаңылыктар