Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БАТКЕН ОКУЯЛАРЫНДА КУРМАН БОЛГОН ЖООКЕРДИН АПАСЫНА БАТИР САТЫП БЕРДИ

29 3 2023

Компаньон Банкы өзүнүн корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында өткөн жылдын сентябрында чек ара жаңжалында каза болгон жоокердин апасынан батир сатып берди. Ташмурзаев Марат Алишерович – Мекенди коргоп жанын берген биздин каарманыбыз. Ал болгону 20 жашта болчу.

Биз анын апасына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Мындай оор жоготуунун ордун толтуруу мүмкүн эмес.

Банктын жамааты өмүрүн тобокелге салып, өзүн өлкөнү коргоого арнаган инсандардын баарына ыраазы.

Биз чыр-чатакта жабыркагандарга колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Буга чейин банк тарабынан 10 миллиондон ашык сом бөлүнүп, ал жабырлануучулардын муктаждыктарына жумшалган.

Бардык жаңылыктар