Жаңылыктар

GLOBAL MONEY WEEKтин ЖЫЙЫНТЫГЫ. КОМПАНЬОН БАНКЫ БҮТКҮЛ КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА 16 ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ

29 3 2023

Компаньон Банкы жыл сайын дүйнөнүн 175 ашуун өлкөсүндө өткөрүлгөн жана балдардын, жаштардын финансылык сабаттулугун жакшыртууну көздөгөн, Кыргызстанда КРнын Улуттук банкы тарабынан координацияланган GLOBAL MONEY WEEK (Акчанын глобалдуу жумалыгы) билим берүү кампаниясын ийгиликтүү ишке ашырды.

22-жылдын 29-мартынан 2023-мартына чейин биз кызыктуу билим берүү саякатына сүңгүп кире алдык. Анын алкагында окуучулар, ООЖдун жана лицейлердин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 16 тренинг өткөрүлдү. Банктын тренерлери жалпысынан Кыргызстан боюнча 395 адам үчүн тренинг өткөрүштү.

Быйылкы иш-чаралар "Өз акчаңды пландаштыр, келечегиңе кам көр" деген ураан алдында өттү, ал эми Кыргыз Республикасында иш-чаралар сомдун 30 жылдыгына арналды.

Тренингдерден тышкары, банк социалдык тармактарда интерактивдерди өткөрүп, алардын жеңүүчүлөрү депозит ачууга сертификаттар, китеп жана бренддик продукция өңдүү баалуу байгелерди утуп алышты. Ошондой эле, расмий баракчаларда акчаны туура сактоо, топтоо жана көбөйтүү боюнча пайдалуу кеңештер камтылган материалдар үзгүлтүксүз жарыяланып турду.

Компаньон Банкы Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат жана туруктуу негизде окутуу программаларын сунуштайт. Белгилей кетсек, 2010-жылдан 2022-жылга чейин Компаньон банкынын адистери 46 167 тренинг өткөрүп, ага Кыргызстандын 15 095 айылынан 1448 угуучу катышкан.

Бардык жаңылыктар