Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БАНКТЫК БААЛУУЛУКТАРДЫН ГЛОБАЛДЫК АЛЬЯСЫНА МҮЧӨ БОЛДУ

20 4 2023

Компаньон Банкы Кыргыз Республикасында биринчи болуп банктык баалуулуктардын Глобалдык Альянсына (GABV) мүчө болду. Бул чечим 2023-жылдын 18-апрелинде Нью-Йоркто өткөн Альянстын жылдык жыйынында жарыяланды.

GABV – бул туруктуу экономикалык, социалдык жана экологиялык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн финансылык ресурстарды пайдалануунун жалпы миссиясына негизделген банктардын жана банктык кооперативдердин көз карандысыз тармагы. Бул уюм 2009-жылы адилеттүү каржы тутумунун зарылдыгына ишенген он пионер банк тарабынан негизделген.

Бүгүнкү кундө, бул өнүгүп келе жаткан уюм. Анын мүчөлөрү Африка, Латын Америкасы, Азия-Тынч океан, Түндүк Америка жана Европанын 45тен ашык өлкөсүндө дүйнө жүзү боюнча 70тен ашык каржы институттарын бириктирип, дээрлик 60 миллион кардарларды тейлейт жана жалпы 200 миллиард доллардан ашык активге ээ. Компаньон Банкы бул топтун катарына киргени, ал башка катышуучулар менен кызматташуу жана жалпы максаттардын үстүндө биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ дегенди билдирет.

GABVнын негизги принциптеринин бири - коомго жана айлана-чөйрөгө пайда алып келген бизнести колдоо үчүн финансылык ресурстарды колдонуу. Бул топтун курамына кирген банктар туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү көздөгөн реалдуу бизнести жана кардарларды каржылоого басым жасап, каржы тутумун өзгөртүүгө умтулат.

" GABVга  кирүү бизге башка катышуучулар менен бирге иштешүүгө, ошондой эле бул топтун тажрыйбасын жана билимин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүбүздү жакшыртуу үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле банкка туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусун тереңдетүүгө жана жоопкерчиликтүү финансылык системаны түзүү боюнча ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет", - деди Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрайымы Черикбаева Маргарита.

Компаньон Банкы социалдык жоопкерчилик жана туруктуулук боюнча иш-чаралары, анын ичинде экологиялык чөйрөнү колдоого жана өлкөнүн агросекторун өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду каржылоо боюнча иш-аракети менен белгилүү:

  • "Өлкөнүн алыскы билим берүү мекемелери үчүн жемиш бактары”
  • "Эко-бакча”
  • "Мал багуу жана жайыттарды башкаруу”
  • "Экология жана бакчалар 
  • "Бакчалар жана пластик”
  • “Утилизациялоочу Беккери чуңкуру" жана башкалар.

GAVBга кошулуу банктын финансылык ресурстарын коомго жана айлана-чөйрөгө пайдалуу болушун камсыз кылуудагы дагы бир кадам болду.

"Компаньон Банкынын GABVга кириши банк тармагындагы жалпы тренддин бир бөлүгү болуп саналат, башкача айтканда, банктар өз ресурстарын киреше алуудан башка кеңири максаттарга жетүү үчүн пайдаланууга умтулат. Көптөгөн банктар туруктуу өнүгүү принциптерин өз ишине интеграциялоо үстүндө жигердүү иштей баштады, анктени бул аларга өздөрүнүн социалдык жоопкерчилигин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады Черикбаева Маргарита.

Белгилей кетсек, банктын акционерлеринин арасында GABVнын негиздөөчүсү, Triodos Bank Groupтун туунду компаниясы - Triodos Investment Management (Нидерланды) тарабынан башкарылган фонддор бар. Triodos IM өз өнөктөштөрү арасында туруктуу банктык баалуулуктарды активдүү жайылтат. Ал эми  Компаньон Банкын альянска кабыл алынуусу Борбордук Азиядагы бул багытты өнүктүрүү үчүн маанилүү учур болуп саналат.

"Биз Компаньон Банкы альянска кабыл алынганына абдан кубанычтабыз жана муну Борбордук Азиядагы туруктуу банктык өнүгүүнүн маанилүү этабы деп эсептейбиз. Бул Компаньон Банкынын финансылык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок жана жергиликтүү коомчулуктар менен активдүү өз ара аракеттенген калкты тейлеген банк катары анын жетишкендиктерин эл аралык таануу болуп саналат. Биз бул өз ара пайдалуу өнөктөштүк болоруна ишенебиз: Компаньон Банкы жергиликтүү жамааттарда экологиялык таза агро-бизнести илгерилетүү жана аймактарда финансылык жана финансылык эмес кызматтарды көрсөтүү боюнча  демилгелер тууралуу өз билимдери менен бөлүшө алат, ошондой эле альянстын мүчөлөрүнүн туруктуу банктык өнүгүүдөгү баалуу тажрыйбаларына жетүү мүмкүндүгүн ала алат", - деп түшүндүрөт Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджер, ошондой эле Компаньон Банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү Розанна Саркеева.

Triodos IM - 50дөн ашык өлкөгө 750дөн ашык инвестиция жасаган жана 6,4 миллиард евролук активдери бар (2021-жылдын аягында)  импакт-инвестор болуп саналат. Компания 1980-жылы негизделген жана туруктуу банк иши боюнча алдыңкы эксперт жана GABVдин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Triodos Bank NVдин толугу менен туунду компаниясы болуп саналат.

Бардык жаңылыктар