Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ӨЗ КАРДАРЛЫРЫН ШЫЛУУНДАРДАН КАНТИП КОРГОЙТ?

18 5 2023

Күн сайын көптөгөн жарандар банк чөйрөсүндөгү алдамчылыктын курмандыгы болушат. Шылуундар адамдарды алдоо жана алардын банк эсептерине жеткиликтүүлүк алуу үчүн жаңы ыкмаларды ойлоп табууда. Өз кардарларын алдамчылардан коргоо үчүн Компаньон Банкы шектүү транзакцияларды аныктоого жана алдамчылыкка шектүү учурда эсепке кирүүгө бөгөт коюуга мүмкүндүк берген антифрод системасын колдонот. Мындай системалар алгоритмдердин негизинде иштейт, бардык транзакцияларды талдап, алдамчылыктын белгилерин текшерет.

Эң кеңири таралган ыкмалардын бири-мессенджерлер аркылуу жасалма банк баракчаларына шилтемелерди камтыган алдамчылык билдирүүлөрдү жөнөтүү. Мындай шилтемени басып, жеке маалыматыңызды киргизгенде, шылуундар банк эсебиңизге жеткиликтүүлүкко ээ болуп, акчаңызды уурдап кетиши мүмкүн. Тилекке каршы, эң этият жана баамчыл адамдар да мындай амалдардын курмандыгы болушу мүмкүн.

Алдамчылыктын дагы бир кеңири таралган ыкмасы – скамм-коллдор. Мында шылуун өзүн банктын өкүлү катары атап, сизден жеке маалыматты сурайт же жасалма эсепке төлөм жүргүзүүнү суранган телефон чабуулдары.

Компаньон өз кардарларын шылуундардан кантип коргойт?

Компаньон Банкы өз кардарларын коргоо үчүн "Касперский лабораториясынын" жана WhyHappen компаниясынын продуктуларынын курамындагы комплекстүү чечимди колдонот. Бул алдамчылыкка шектүү финансылык жана финансылык эмес окуяларга баа берүүгө арналган жана аларды андан ары иштеп чыгуу боюнча сунуштарды сунуштаган фрод-мониторинг системасы. Система тейлөөнүн онлайн каналдарында төлөмдөрдү жана кардарлардын ишин талдайт.

Мониторинг тутуму ар бир транзакция текшерген стандарттуу жана уникалдуу эрежелерден, фильтрлардан жана тизмелерден турат. Ал адаттан тыш көрүнүштөрдү жана алдамчылык аракеттерди эрте аныктайт жана банк кардарларынын акча каражаттарын сактоо менен, шектүү финансылык операцияларды жүргүзүүгө жол бербейт.

Антифрод-системасы шектүү операцияларды аныктаган учурда, Банк кардардын эсептерин жана тиркемелерин автоматтык түрдө блоктойт. Ошондуктан, эгер колдонуучу күтүлбөгөн жерден өзүнүн картасын, мобилдик тиркемесин же интернет-банкингди банк жаап салгандыгын байкаса, анда бул анын коопсуздугу үчүн жасалганын билүүсу зарыл.

 Абайлаңыз!

Шектүү билдирүүлөрдү алганда, жөнөтүлгөн шилтеменин дарегин изилдеңиз. Сайттын дареги https:// башталышы керек жана браузердин дарек тилкесинде кулпу сүрөтчөсү болушу керек. Бул туташуу шифрленгендигин жана браузер менен сайттын ортосунда маалымат корголгонун көрсөтөт.


  

Эгер сиз шилтеме аркылуу өтсөңүз, анда сайтты жакшылап карап чыгыңыз жана ал сиз киргиңиз келген банктын расмий сайтына дал келерин текшериңиз.

- Банктын логотипине, сайттын түстөрүнө, тексттерине жана меню түзүлүшүнө көңүл буруңуз.

- Эч качан шектүү көрүнгөн сайттарга логин, пароль же кредиттик картанын номери сыяктуу жеке маалыматты киргизбеңиз.

- Расмий сайтында көрсөтүлгөн байланыштарды колдонуп, банк менен түздөн-түз байланышыңыз.

Шылуундар дагы кандай жолдорду колдонот?

Шылуундар көп учурда телефон чалууларды колдонот. Өзүн банктын кызматкерлери деп тааныштыргандан кийин, алар мисалы, эсептериңизде көйгөй бар экендигин жана тигил же бул маалыматты тактоо керектигин айтышы мүмкүн. Мындай учурда, сиз сайтта көрсөтүлгөн номерлер боюнча кайра чалып, телефон чалуунун аныктыгын текшерүүңүз керек. Банктын өкүлдөрү эч качан жеке же купуя маалыматтарды сурабай тургандыгын эстен чыгарбоо керек (картанын маалыматтары, картанын колдонуу мөөнөтү, сүрөт, пароль, СМСтен бир жолку тастыктоо коду ж.б.).

Көбүнчө, шылуундардын курмандыктары аларга маалыматтарын өздөрү өткөрүп беришет. Мындай учурда банк пайдалануучунун купуя маалыматты жоготуусу, текшерилбеген интернет-ресурстарды пайдалануу учурунда аларга жеке маалыматтарды берүүсү, ошондой эле алдамчылык сайттар аркылуу ишке ашырылган транзакциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Компаньон Банкы кардарлар өзүн коопсуз сезип, өз каражаттарынын сакталышына ишенимдүү болушу үчүн бардык мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшоодо.

 

Бардык жаңылыктар