Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ИШЕМБИЛИКТЕР АЙЛЫГЫН ӨТКӨРДҮ

25 5 2023

Компаньон Банкы 2023-жылдын 22-апрелинен 22-майына чейин бүткүл Кыргызстан боюнча ирригациялык системаларды тазалоого арналган масштабдуу ишембиликтердин айлыгын өткөрдү. Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнүнө карата уюштурулган бул иш-чара өлкөнүн суу тутумдарынын туруктуу өнүгүүсүн жана экологиялык тазалыгын колдоого багытталган маанилүү кадам болду.

Акыркы жылдары дыйкандар түшүмдүн жок болушуна алып келген кургакчылыктан жапа чегип келет. Рационалдуу сугаруу маанилүү ролду ойнойт, ал эми суунун чоң жоготуулары сугат тутумдарынын эскиришинен жана бүтөлүшүнөн улам болуп жатат. Андыктан, банктын кызматкерлери топурак баскан арыктарды тазалап, калыбына келтирди. Ар бир филиал өлкөнүн сууну үнөмдөө программасын колдоого олуттуу салым кошту.

Компаньон Банкынын ишембиликтеринин бир айлыгы Кыргызстандын суу ресурстары үчүн ири пайда алып келди. Тазаланган ирригациялык системалар айыл чарба жерлеринин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле суу ташкындарынын коркунучун азайтууга жардам берет. Бул системалардын иштешин калыбына келтирүү жана сактоо айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн жашоочулары үчүн таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Коомчулуктарды окутуу жана колдоо бөлүмүнүн башчысы Дария Тогузбаева бул боюнча өз ойлору менен бөлүштү: "Биз Кыргызстандын экологиялык өнүгүүсүнө ири салым кошууга умтулабыз. Ишембиликтин бир айлыгы – бул жаратылыш ресурстарын сактоого багытталган демилгелерибиздин бири гана. Биз айлана-чөйрөнүн булганбашына кошкон ар бир салымыбыз маанилүү деп ишенебиз жана биздин кызматкерлер жана коомчулук бул асыл демилгеге активдүү катышып жатканын сыймыктануу менен байкоодобуз."

Компаньон Банкы бир топтон бери корпоративдик социалдык жоопкерчилик принциптерин карманып келет жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу зарылдыгын тааныйт. Банк жаратылышты жана ресурстарды коргоого, экологиялык демилгелерди колдоого жана ресурстарды аң-сезимдүү керектөөгө багытталган үзгүлтүксүз иш-чараларды жана программаларды уюштуруп келет.

Банктын агрономия боюнча адистери кардарларга кургакчылыкты алдын алуу жана сугаруунун рационалдуу ыкмалары боюнча кеңештерди беришет. Белгилей кетсек, ар бир кардар Компаньон Банкынын Айыл чарба тармагындагы квалификациялуу адистеринен акысыз консультацияларды ала алат.

Бардык жаңылыктар