Жаңылыктар

“КОМПАНЬОН” МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ ИДЕНТИФИКАЦИЯНЫ АРАЛЫКТАН ӨТҮҮГӨ БОЛОТ

26 5 2023

"Компаньон" мобилдик тиркемесинин колдонуучулары мындан ары үйдөн чыкпастан, аралыктан идентификациялоодон өтүп, ыңгайлуу тиркемеден банктын бардык кызматтары менен пайдалана алышат.

Кардардын идентификациясы – банк операцияларынын коопсуздугу жана купуялуулугу үчүн зарыл болгон маанилүү процедура. Заманбап технологиялардын жана инновациялык ыкманын аркасында Компаньон Банкы тиркеменин колдонуучуларына смартфон аркылуу алыстан видеоидентификациядан өтүү үчүн жаңы опцияны сунуштайт.

"Компаньон" тиркемеси аркылуу аралыктан идентификациялоо процесси жогорку коопсуздук жана маалыматтарды коргоо стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Идентификация процессиндеги маалыматтар жүздү таануу жана документтин аныктыгын текшерүү алгоритмдерин колдонуу менен талданат. Бул процесс бир нече мүнөткө созулат жана банкка кошумча барууну талап кылбайт.

Ийгиликтүү идентификациялоодон кийин кардарлар "Компаньон" тиркемеси тарабынан сунушталган банктык кызматтардын кеңири түрүн колдоно алышат.

Мобилдик тиркеме аркылуу коммуналдык кызматтар, интернет, телекөрсөтүү, уюлдук байланыш, салыктар, товарлар, кызматтар жана башка көптөгөн нерселерди ошол замат төлөөгө болот. Тиркемеде жалпысынан 500дөн ашык кызматтар бар.  Мындан тышкары, мобилдик тиркеме аркылуу депозит ачууга, онлайн кредит алууга болот. Ошондой эле которууларды өлкө ичинде гана эмес, чет өлкөлөргө да жөнөтүү, ал эми Сбербанк жана "Тинькофф Банк" менен түз интеграция которуу процессин андан дагы жеңилдетет. Бул кызматтардын баары күнү-түнү жеткиликтүү.

Эгер сиз "Компаньон" мобилдик тиркемесин колдоно элек болсоңуз, аны жүктөп көрүңүз. Колдонмону смартфонуңуздагы расмий колдонмо дүкөнүнөн жүктөп алып, аралыктан идентификациялоо боюнча көрсөтмөлөрдү аткарыңыз. "Компаньон” мобилдик тиркемеси менен банк операцияларынын ыңгайлуулугунун жана коопсуздугунун жаңы горизонтторун багындырыңыз.

Колдонмону төмөнкү шилтемелер аркылуу акысыз жүктөп алууга болот:

ANDROID үчүн

IOS үчүн

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бардык жаңылыктар