Жаңылыктар

Термечиков Уланбек Азисович өмүрдөн кайтты

2 3 2018

Бүгүн, 2-март күнү, биздин коллегабыз, Компаньон Банкынын мурдагы Башкармалыгынын Төрагасы Термечиков Уланбек 44 жашында өмүрдөн кайтканын терең кайгы менен кабарламакчыбыз. Ал бир жылдан бери абдан оор дарт менен күрөшүп келген эле.

Биздин эсибизде Уланбека Азисович абдан акылман жетекчи катары калат. Ал Компаньонду 2009-жылдан тартып 2017-жылга чейин сегиз жыл бою жетектеп, биздин Банкты бийик жетишкендиктерге алып келген. Уланбек Азисович Компаньондун микрокаржы уюмунан толук баалуу банкка айлануусуна зор салымын кошкон. Ал ишине абдан берилип, Компаньондун жамааты менен бирдикте бардык тоскоолдуктарды басып өткөн. Уланбек Азисович өзү менен иштеген жолдошторуна камкордук менен мамиле кылып, Компаньонду абдан сүйчү эле.

Уланбек Азисович биздин жүрөгүбүздө жалгыз эле накта лидер жана акылман жетекчи эле эмес, чын дос жана бүлөчүл ата катары да түбөлүк кала берет.

Компаньондун Башкармалыгы жана жалпы жамааты Уланбек Азисовичтин үй-бүлөсүнө чын дилден көңүл айтат.

Уланбек Азисовичтин жерге берүү тажыясы жекшемби күнү 4-мартта өзүнүн Кичи Шалта айылында өтөт.

Кыскача өмүр баяны

Термечиков Уланбек Азисович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 10 жыл ийгиликтүү кызмат өтөгөндөн кийин, 2006-жылы Компаньонго Каржы мүдүрү катары келген. 2009-жылы «Компаньон Каржылык Тобу» МКК ЖАКнун Башкармалыгынын Төрагасы болуп дайындалып, 2017-жылдын июль айына чейин 8 жыл бою жетектеп келген. Термечиков Уланбек Азисовичтин жетекчилиги алдында, Компаньон банктык лицензиясын алып, өз кызматтарын кеңейтип, активтерин эки эсе көбөйтө алган.

Бардык жаңылыктар