ЭСЕП АЧУУГА ЭЛЕКТРОНДУК ӨТҮНҮЧ КАТ
Талап боюнча төлөнүүчү аманат – бул акча каражаттардын калдыгынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кириш жана чыгыш операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, пайыздардын чегерилиши каралбаган, сактоо мөөнөтү чектелбеген (чексиз) банктык эсеп.
МААНИЛҮҮ! Бул кызмат “Компаньон Банкы” ЖАКда талап боюнча төлөнүүчү аманат эсеби бар жана KGS, USD, RUB валюталарында кошумча эсеп ачууга зарыл болгон кардарларына көрсөтүлөт.
Эсеп ачуу шарттары:
- Банктык эсепти ачуу / жабуу акысыз.
- Банктык эсептеги минималдуу калдыгы талап кылынбайт.
- Эсепти тейлөө акысыз.
- Эсеп боюнча операцияларды жүргүзүү үчүн комиссия “Компаньон Банк” ЖАКтын жеке жактар үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча “Негизги тарифтерине” ылайык алынат.
Банк эсебин ачуу жана төлөм карталары тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн 0312 33 88 00 номер боюнча “Компаньон Банк” ЖАКтын Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз.
O!, Beeline жана Megacom абоненттери үчүн кыска номер: 8800 (чалуу акысыз)
Бардык суроолорго жооп берүү зарыл!