ЭЛКАРТ төлөм карталары
Элкарт төлөм карты
«Компаньон Банкы» ЖАК Элкарт төлөм карты - бул жеткиликтүү, жана эң негизгиси ишенимдүү жана коопсуз банк продуктысы. Бул карта улуттук валютада нак эмес эсептешүү үчүн колдонулат: айлык акы, пенсия, жөлөкпул, салык төлөө, бажы салыктары, камсыздандыруу акы, коммуналдык кызматтар жана башка.
Элкарт төлөм картын артыкчылыктары:
- соода-кызмат ишканаларында товар жана кызмат үчүн төлөө
- коммуналдык кызматтар үчүн төлөө
- эсеп тууралуу мини-көчүрмө жана SMS билдирүү алуу
- CARDEX аркылуу акча которуу (КР бардык региондору боюнча туугандардын жана жакындардын карталарына тез акча которуу мүмкүнчүлүгү)
- КР бардык территориясы боюнча Компаньон Банкынын жана өнөктөш банк Демир Банктын банкоматтарынан күнү-түнү акча алуу мүмкүнчүлүгү
Компаньон Банкы Элкарт картынын негизинде төмөнкү продуктыларды сунуштайт:
1. ЭЛКАРТ «Жеке жактар» төлөм карты – акча каражаттарын пайдалуу сактоо, которууларды алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын территориясында соода-сервистик ишканаларда товарларга жана кызматтарга акы төлөө үчүн каражаттарды пайдалануу мүмкүндүгүн берет. Карт акысыз чыгарылат, андан тышкары, карттагы 3 000 сомдон жогору акча каражаттарына жылдык 3% эсептелет.
2. «Айлык акы долбоору» ЭЛКАРТ төлөм карты – улуттук төлөм системасынын картасы. Бул карта коммерциялык жана бюджеттик уюмдардын кызматчылары үчүн колдонулат. Кошумча артыкчылыктары: карттарды акысыз чыгаруу, айлык акыны которуу.
3. «Пенсионердин карты» ЭЛКАРТ төлөм карты- бул пенсионерлердин өздөрүнүн Элкарт карттарына заманбап жана ыңгайлуу түрдө пенсия алуу мүмкүнчүлүгү. Эсептин калдыгына 3% кошуп эсептөө каралган! Кошумча бонус - картты акысыз чыгаруу жана андан кийин аны акысыз тейлөө.
4. «Социалдык төлөмдөр» ЭЛКАРТ төлөм карты – Компаньон Банкынан социалдык багытка арналган өнүм. Карт социалдык жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алууга багытталган. Карт акысыз чыгарылып, жылдык тейлөөгө комиссия төлөнбөйт. Банктын түзмөктөрүндө/достук мамиледеги тармактагы акчалай алуу үчүн комиссия 0%. Акысыз тейлөөдөн тышкары картадагы акча каражаттарынын калдыгына жылына 3% эсептелет.
Максаттуу кардарлар – КР учурда күчкө ээ мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана акчалай компенсацияларды алууга укуктуу жактар.
ЭЛКАРТ төлөө карттарын чыгаруу жана тейлөө боюнча колдонулган тарифтери
Банктык төлөм карттарын чыгаруу жана тейлөө эрежелери