Аманаттар

“Компаньон” депозити

19.07.2023 баштап ачуу мүмкүн эмес. Мурда "Компаньон" депозитин ачкан кардарлар үчүн шарттар депозиттин мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөрүүсүз иштейт.

Кирешенин деңгээлине карабастан, чакан сумма менен каражат түзүү жана чогултууну каалаган аманатчылар үчүн продукт.

Пайдалуу депозит ачып, дал ушул учурдан тарта каражат топтоону баштаңыз!

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде гана жеткиликтүү болгон жогорулатылган чен менен атайын топтолуучу депозит.

Артыкчылыктар

✓ “Компаньон” мобилдик тиркемесинде ачканда пайыздык чен жогору! Сом менен жылдык  15%га чейин!

✓ “Компаньон” мобилдик тиркемесинде(банкка барбастан) калааган убакта комиссиясыз депозитти толуктоо:

1. Эсептешүү эсебинен

2. Элкарт  жана Visa төлөм картасынан

3. Тиркеменин балансынан

✓ Тиркемеде чогултулуп жаткан каражаттарды кароо мүмкүнчүлүгү

✓ Депозитти ачуу үчүн минималдуу сумма 100 сомдон тарта

✓ Кирешенин мисал суммасын эсептөө үчүн орнотулган калькулятор

✓ Жалпы депозиттер тизмесинен өзүңүздүн депозитиңиздин атын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү

✓ Депозит КРнын депозиттерди коргоо Агенттигинде корголот.

Шарттар

Валюта  

KGS 

Аманаттын мөөнөтү  

3-36 ай 

Аманаттын минималдуу алгачкы суммасы  

100 KGS 

Аманаттын максималдуу алгачкы суммасы 

500 000 KGS 

 

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы  

Чектөөсүз 

Айлык максималдуу толуктоонун суммасы  

100 000 KGS 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар боюнча лимиттин алкагында максималдуу баланс-кардардын бардык эсептери боюнча 100 000 сом. 

Аманаттын түрү  

Мөөнөттүү топтолуучу депозит  

Пайыздардын капитализациясы  

Каралган эмес 

Жарым-жартылай акча алуу 

Каралган эмес  

Пайыздарды төлөө 

Депозиттин мөөнөтүнүн аягында 

Алгачкы аманатты салуу 

Келишим түзүлгөн күнү (офертанын акцепти)

Мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу  

Кардардын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарууда депозит боюнча чегерилген пайыздар төлөнбөйт. 

Кошумча маалыматтар 

Автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. 

*Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 16,08%га чейин.

Депозитти кантип ачса болот?

Депозитти ачуу үчүн, мобилдик тиркемеде алдын ала банктык эсепти ачуу керек. Эсеби бар болгон банктын кардарлары үчүн жаңы эсепти ачуунун кереги жок.

“Компаньон” тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунан «Компаньон Депозити» бөлүгүн  тандоо;

2. «Депозиттер» бөлүгүндө тизмеден «Жаңы депозит ачуу» дегенди тандоо;

3. Кийинки ачылган терезечеде депозит тууралуу маалымат менен таанышып, депозитти эсептөө үчүн “Андан ары” баскычын басуу;

4. Депозитти эсептөө терезечесинде төмөнкү талаачаларды толтуруу:

✓ «Депозиттин суммасы» — алгачкы салымдын суммасы көрсөтүлөт;

✓ «Депозиттин мөөнөтү» — убактылуу шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;

✓ «Пландалган ар ай сайын толуктоо» — ар айлык толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.

Талаачаларды толтургандан кийин, депозиттин жалпы суммасы, ар айлык толуктоонун суммасы жана депозит боюнча киреше эсептелип, көрсөтүлөт.

5. Депозитти ачууну тастыктоого өтүү жана акчаны чыгарып алуу үчүн эсепти көрсөтүү үчүн “Андан ары” баскычын басуу.

6. «Ырастоо» терезечесинде мурда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын карап чыгып керек

7. Акчаны чыгарып алуу эсебин тандагандан кийин, берилген жөндөөлөр боюнча депозитти ачуу үчүн “Андан ары” баскычын басуу зарыл.

Депозиттин ачылгандыгы тастыкталгандан кийин, операция бир канча убакыт иштетилет, андан кийин депозит ийгиликтүү ачылгандыгы тууралуу маалымат пайда болот. Ачылган депозит “Депозиттер” бөлүгүндө көрсөтүлөт.

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

"Компаньон" мобилдик тиркемеси

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 8% 9% 13% 14% 15% 15%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу