Аманаттар

«Пенсиялык» депозит

Компаньон мобилдик тиркемесинде толуктоо жана ачуу мүмкүнчүлүгү менен депозит.

Акча каражаттарын сактоону жана көбөйтүүнү каалаган, 55 жашка толгон (же андан жаш, бирок пенсиялык күбөлүгү бар) аманатчылар үчүн аманат. 

Аманатты ачуу үчүн паспорт жана пенсиялык күбөлүк (55 жашка чейинки адамдар үчүн) керек. Аманатты аманатчынын өзү жана үчүнчү жактар толуктаса болот (мисалы, балдары/неберелери же башка жактар).  

Бул продукттун катуу талаптуу толуктоо графиги жок. Кошумча артыкчылыгы – пайыздарды төлөөнү Элкарт Пенсиялык картасына же «Компаньон Банкы» ЖАК тарабынан чыгарылган картага бириктирүү мүмкүнчүлүгү. 

Валюта

KGS; USD

Аманат мөөнөтү

3 айдан 36 айга чейин

Аманаттын баштапкы минималдуу суммасы

500  KGS; 10 USD

Аманаттын баштапкы максималдуу суммасы

20 000 000 сом; 250 000 USD

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

Чектөөсүз

Айлык максималдуу толуктоо суммасы

1 000 000 KGS; 10 000 USD

Бөлүп чыгарып алуу

Каралган эмес

Пайыздардын капитализациясы Каралган эмес

Мөөнөтүнөн мурда бузуу 

Аманат боюнча эсептелген жана/же капиталдаштырылган пайыздар пайыздардын капиталдаштыруунун шарттарын колдонбостон  эсептелинет жана KGS боюнча 3% жана   АКШ доллар боюнча 0% пайыздык чени боюнча  төлөнүп берилет.

Кошумча маалыматтар 

Келишимди автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Аманат төлөө мөөнөтү аяктаган күнү  Аманатчы келбесе жана аманаттын суммасын талап кылбаса, Банк аманаттын суммасын жана эсептелген пайыздарды ошол эле күнү Аманатчынын талап кылганда төлөп берчү эсебине которот. 

Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 16,06% чейин

Натыйжалуу пайыздык чен АКШ доллары менен 2.53% чейин

"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат. 

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

Пайыздардын капитализациясы

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 8% 9% 14% 14.5% 15% 15%
АКШ доллар 0.5% 0.5% 2% 2.25% 2.5% 2.5%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу