Аманаттар

«Мөөнөттүү» депозит

Акча каражаттарыңызды топтоп, ай сайын кошумча киреше алыңыз!

  1. Келечекке жыйнаган каражаттар
  2. Туруктуу киреше алуу
  3. Туруктуу уюмга жайгаштыруу аркылуу жыйнаган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоо

Аманаттын
минималдуу суммасы

1000 сом; 50 USD

Аманаттын
максималд
уу суммасы

20 000 000 KGS; 250 000USD;

Аманаттын түрү

Аманат мөөнөттүү салымы

Толуктоо мүмкүнчүлүгү

Алдын ала каралган эмес

Жарым-жартылай акча алуу

Алдын ала каралган эмес

Алгачкы аманатты салуу

Келишимге кол койгон  күнүндө

Пайыздарды төлөө

Ай сайын, пайыздарды төлөө пландуу күндөрү боюнча (Аманат келишимине кол коюу күнүнө окшош ар бир айдын күнү), талап боюнча төлөнүүчү эсебине которуу аркылуу.

Мөөнөтүнөн мурда бузуу

Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүнчүлүгү менен, аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатты (депозитти)  анын ээси мөөнөтүнөн мурда бузган учурда пайызы кайра эсептелип, төмөндөгү схема боюнча төлөнүп берилет:

- 12 ай жана андан узак мөөнөттө (каражаттар эсебинде 12 ай же андан узак сакталса): сом менен – алгачкы аманаттан келишимди бузган учурга чейин каражаттарды иш жүзүндө жайгаштырган факт жүзүндөгү мөөнөткө төп келген, келишим түзүлгөн учурдагы пайыздык чендердин шкаласына ылайык пайыздык чендин 30% өлчөмүндө; АКШ доллары менен – 0% пайыздык чени боюнча  төлөнүп берилет;

- 12 айга чейинки мөөнөттө - 0% пайыздык чен боюнча.

 

Кошумча маалыматтар

Автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Эгерде кардар келишимди узарткысы келсе, ал аманатты төлөө мөөнөтү аяктаганга 3 күн калганга чейин эскертип, келишимдин жаңы шарттары тууралуу Банк менен макулдашууга милдеттүү. Аманатчы аманатты төлөө күнү келбесе жана аманаттын суммасын төлөп берүүнү талап кылбаса, аманаттын суммасы жана эсептелген пайыздар ошол эле күнү Банк тарабынан Аманатчынын талап кылганда төлөп берчү эсебине которулат.

*Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 14,36% чейин.
*Натыйжалуу пайыздык чен доллар менен 2.53 % чейин.

"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат. 

2024-жылдын 16-апрельден баштап жарактуу.

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 9% 11% 13% 13% 13.5% 13.5%
АКШ доллар 0.5% 0.5% 2% 2.25% 2.5% 2.5%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу