Бул продукт ири сатып алуу үчүн акча топтоону каалаган аманатчылар үчүн. Компаньон мобилдик тиркемесинде толуктоо жана ачуу мүмкүнчүлүгү менен депозит.
Продуктунун артыкчылыгы жоготуу, ашык сарп кылуу тобокелинен, киреше деңгээлине карабастан жеткиликтүү депонирлөө суммасынын аркасы менен жыйнаган каражаттарын сактоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат.
✔ Депозитти каалаган убакта тиркемеде комиссиясыз толуктоо:
✔ Депозитти башка электрондук капчыктардан, төлөм терминалдарынан, башка банктардын мобилдик банкингинен толуктоо;
✔ Топтолгон каражатка тиркемеде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;
✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
Тиркемени жүктөө:
Продуктынын аталышы |
«Топтомо» аманаты |
Продуктынын классификациясы |
Жеке жактардын аманаттары, Толуктоо мүмкүндүгү менен топтомо аманат. Аманатты үчүнчү жактар да толуктай алышат. |
Валюта |
KGS, RUB |
Аманаттын мөөнөтү |
KGS 3 айдан 36 айга чейин, RUB 3 айдан 12 айга чейин. |
Аманаттын минималдуу баштапкы суммасы |
200 KGS, 1 000 RUB. |
Аманаттын максималдуу баштапкы суммасы |
20 000 000 KGS, 15 000 000 RUB |
Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы |
Чектөө жок |
Айына толуктоонун максималдуу суммасы |
3 000 000 KGS, 3 000 000 RUB |
Аманатты кошумча толуктоого чектөөлөр |
Төмөнкү учурларда Аманатты толуктоого жол берилбейт: - 6 айдан 12 айга чейинки мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 2 ай калган учурда; - ошондой эле 12 ай жана андан ашык мөөнөткө ачылган Аманаттын мөөнөтү бүтөөрүнө 3 ай калган учурда. |
Аманаттын тиби |
Мөөнөттүү топтомо аманат |
Пайыздарды капиталдаштыруу |
Ар кварталда, Пайыздарды капиталдаштыруунун пландуу даталары боюнча (Ар үчүнчү айдын аманат келишимине кол коюлган датага окшош күнү). |
Жарым-жартылай алуу |
Каралбаган |
Пайыздарды төлөө |
Каралбаган |
Баштапкы аманатты салуу |
Келишимге кол коюлган күнү |
|
|
Мөөнөтүнөн мурда бузуу |
Мөөнөтүнөн мурда бузуу мүмкүндүгү менен аманаттын максималдуу мөөнөтү 36 ай. Аманатчынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда пайыздар кайра эсептелет жана пайыздарды капиталдаштыруу шарттары колдонулуусуз, бирок төмөнкү схема боюнча төлөнөт:
|
Кошумча маалыматтар |
Келишим боюнча автоматтык узартуу каралбаган. Эгерде аманатчы келишимди узарткысы келсе, анда ал аманатты (депозитти) жабуу датасына чейин 3 күндө Банкты эскертип жана келишимдин жаңы шарттарын макулдашууга тийиш. Аманатты (депозитти) жабуу күнүндө аманатчы келбеген жана аманаттын (депозиттин) суммасын талап кылбаган учурда, Банк ошол эле күнү аманаттын (депозиттин) суммасын жана эсептелген пайыздарды Аманатчынын талап кылганга чейин эсебине которот. |
Башка шарттар |
«Компаньон Банкы» ЖАКы депозиттин мөөнөтүнөн жана суммасына жараша депозиттер боюнча жеке пайыздык коюмдарды коюу укугун өзүнө калтырат. |
*Үстөк пайыздарды капиталдаштыруу – бул аманаттын эсептелген пайыздардын суммасына көбөйүшү. Эсептелген үстөк пайыздар ар үч айда келишимге кол коюу күнү менен дал келген күндөр боюнча аманаттын суммасына кошулат.
*Эффективдүү пайыздык чен сом менен 14,18% чейин, рубль менен 3,54% чейин.
"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат.
2024-жылдын 16-апрельден баштап жарактуу.
Валютасы | 3 ай | 6 ай | 9 ай | 12 ай | 18 ай | 2 жыл | 3 жыл |
---|---|---|---|---|---|---|---|
Сомдор | 5% | 9.5% | 11.5% | 12.5% | 12.5% | 13.5% | 13.5% |
Рубль | 2% | 3% | 3.5% |
Жылдык пайыздык чен:
Бонустук пайыз:
Топтолгон сумма:
Топтолгон пайыз:
Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.
Өтүнмөнү толтуруу