Аманаттар

«Пенсиялык» Онлайн депозит (Компаньон мобилдик тиркемесинде)

Акчасын топтоп жана көбөйтүүнү каалаган пенсионерлер жана 55 жаштан жогору жактар үчүн Пенсиялык депозит Компаньон мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү 

55 жашка чыга элек, бирок пенсиялык күбөлүккө ээ кардарлар Банктын каалаган кеңселеринен пенсиялык күбөлүктүн негизинде «Пенсиялык» депозитин ача алышат. 

Пайдалуу чендер 16%га чейин жылына сом менен;

✔ Депозитти каалаган убакта тиркемеде комиссиясыз толуктоо:

  • банк эсебинен;
  • ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталарынан;
  • Компаньон тиркемесинин балансынан;
  • Компаньон Банкынын төлөм терминалдарында.

✔ Депозитти башка электрондук капчыктардан, төлөм терминалдарынан, башка банктардын мобилдик банкингинен толуктоо; 

✔ Топтолгон каражатка тиркемеде көзөмөлдөө  мүмкүнчүлүгү;

✔ Кирешенин болжолдуу суммасын эсептөө үчүн калькулятор;

✔ Депозиттер КРнын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздандырылган. 

Компаньон тиркемесинде депозит ачуу боюнча нускамалар.

Тиркемени жүктөө:

  

Валюта

KGS; USD

Аманат мөөнөтү

3 айдан 36 айга чейин

Аманаттын баштапкы минималдуу суммасы

500  KGS; 10 USD

Аманаттын баштапкы максималдуу суммасы

20 000 000 сом; 250 000 USD

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

Чектөөсүз

Айлык максималдуу толуктоо суммасы

1 000 000 KGS; 10 000 USD

Бөлүп чыгарып алуу

Каралган эмес

Пайыздардын капитализациясы Каралган эмес

Мөөнөтүнөн мурда бузуу 

Аманат боюнча эсептелген жана/же капиталдаштырылган пайыздар пайыздардын капиталдаштыруунун шарттарын колдонбостон  эсептелинет жана KGS боюнча 3% жана   АКШ доллар боюнча 0% пайыздык чени боюнча  төлөнүп берилет.

Кошумча маалыматтар 

Келишимди автоматтык түрдө узартуу каралган эмес. Аманат төлөө мөөнөтү аяктаган күнү  Аманатчы келбесе жана аманаттын суммасын талап кылбаса, Банк аманаттын суммасын жана эсептелген пайыздарды ошол эле күнү Аманатчынын талап кылганда төлөп берчү эсебине которот. 

Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 17,21% чейин

Натыйжалуу пайыздык чен АКШ доллары менен 2.53% чейин

"Компаньон Банкы" ЖАК аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюга өзүнүн укугун сактап калат. 

Банк эсебинин башкы келишимин түзүү үчүн коомдук оферта (16.01.2023 тартып жарактуу)

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл 3 жыл
Сомдор 5% 9% 14% 14.5% 16% 16%
АКШ доллар 0.5% 0.5% 2% 2.25% 2.5% 2.5%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу