Аманаттар

«Универсалдуу» депозит

Бул аманат кирешенин денгээлине карабастан акча топтоону каалаган кардарлар үчүн ылайык.

Аманаттын артыкчылыгы – бул аны толуктоо жана азайтылбаган калдыктын суммасына чейин каражаттарды жарым-жартылай чечип алуу мүмкүнчүлүгү. Аманатты үчүнчү жактар тарабынан да толуктоо мүмкүн.

Валютасы

KGS

Аманаттын мөөнөтү

3 айдан 24 айга чейин

Аманаттын минималдуу алгачкы суммасы

1000 сом

Аманаттын максималдуу алгачкы суммасы

1 000 000 сом

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы

Чектөөсүз

Бир айдагы толуктоолордун максималдуу суммасы

1 000 000 сом

Аманаттын бүткүл мөөнөтүнүн ичинде жарым-жартылай чечип алуунун максималдуу суммасы Айына эки иреттен ашык эмес, 30 000 сомду түзгөн азайтылбаган калдыгынын сакталышы боюнча талап аткарылса

Пайыздардын капитализациясы

Каралган эмес

Пайызарды төлөө

Аманаттын мөөнөтү аяктаган күнү

Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу

• 30 000 сомду түзгөн азайтылбаган калдыктын минималдуу суммасы азайтылган учурда.

Аманат (депозит) мөөнөтүнөн мурда бузулган (чечилген) учурда, пайыздар талап боюнча төлөнүүчү тиешелүү валютадагы депозиттерге карата колдонулуп жаткан чен боюнча кайрадан эсептелинет..   

Кошумча маалыматтар 

Келишимдин мөөнөтүнүн автоматтык түрдө узартуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Эгерде аманатчы келишимдин мөөнөтүн узарткысы келсе, анда ал аманатты (депозитти) жабуу датасына чейин 3 күн мурун Банкты эскертип жана келишимдин жаңы шарттарын макулдашууга тийиш. Аманатты (депозитти) жабуу күнүндө аманатчы келбеген жана аманаттын (депозиттин) суммасын талап кылбаган учурда, Банк ошол эле күнү аманаттын (депозиттин) суммасын жана чегерилген пайыздарды аманатчынын талап боюнча төлөнүүчү эсебине которот.

 

Натыйжалуу пайыздык чен сом менен 6.17% чейин

"Компаньон Банкы" ЖАКы аманаттардын мөөнөтүнө жана суммасына жараша аманаттар боюнча жеке пайыздык чендерди коюу укугуна ээ.

Пайыздык чендердин шкаласы

Валютасы 3 ай 6 ай 9 ай 12 ай 18 ай 2 жыл
Сомдор 2% 3% 4% 5% 6% 6%

Өтүнмөнү толтуруу

Аманат боюнча топтомду эсептөө

ай

Жылдык пайыздык чен:

Бонустук пайыз:

Топтолгон сумма:

Топтолгон пайыз:

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген.

Өтүнмөнү толтуруу