Россиядан ЭЛКАРТ карталарын толуктоо

ЭЛКАРТ карталарын Россиядан “Связной” дүкөндөрү аркылуу толуктоо

1.“Связной” дүкөнүнүн кызматкерине Кыргызстандагы банктардын биринде чыгарылган ЭЛКАРТ картасын толуктоону каалаганыңызды кабарлаңыз;
2. Картанын номерин жана сумманы айтыңыз;
3. Алдын-ала чекте, сиздин төлөмүңүз боюнча маалыматтын туура экендигин текшерип анан кол коюңуз;
4. Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин сизге кассалык чек берилет.  

Сураныч, акча толукталмайынча квитанцияны ыргытпай туруңуз.

Каражаттарды ЭЛКАРТ карталарына чегерүү кызматы заматта көрсөтүлөт, комиссиянын өлчөмү 0%.

ЭЛКАРТ карталарын толтурууда жөнөтүүчү ошол учурдагы валюталардын алмашуу курсун жана транзакциянын суммасын көрөт.

ЭЛКАРТ карталарынан акча каражаттарын чечүүдө банктардын төмөнкү тарифтери колдонулат:

  • Компаньон Банкынын ЭЛКАРТ карталарынан чечилип жаткан суммадан 0,4%;

  • Башка банктардын карталарынан xx% (башка банктардын тарифтери менен алардын расмий сайттарында таанышуу зарыл).

Акча которуулардын максималдуу суммасы:

1 транзакция 600 000 рубльга чейин.

 Карта алуу үчүн төмөнкү баскычты басып, тапшырык калтырыңыз:

 Өтүнмөнү толтуруу

*Төлөм карталарын чыгаруу жолу жана тарифтер тууралуу маалымат