Насыялар

KyrSEFF программасы чегинде «Жайлуу конуш» энергоэффективдүү насыясы

Үйүңүздү жылуулаңыз жана 20% чейин грант алыңыз!

Компаньон Банкы «Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо» (KyrSEFF) программасынын чегинде грант алуу мүмкүнчүлүгү менен турак-жайды жылуулоого насыясын сунуштайт.  Мисалы, турак-жайды жылуулоого 2 млн. сом өлчөмүндө насыя алып, 400 000 сомго чейин акысыз грант түрүндө  алсаңыз болот !

Насыя төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  • Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларга жана балкондорго айнек тагуу;
  • Тышкы дубалдарды, чатырды жана полдорду жылуулоо;
  • Жылуулоо системаларын, кондиционерлерди, күн системаларын, жылуу полдорду орнотуу жана алмаштыруу;
  • Суу үнөмдөөчү технологияларды орнотуу, күн батареяларын сатып алуу;
  • Үйдүн/батирдин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуучу жана суу үнөмдөөчү башка иштер;
  • KyrSEFF программасынын максаттарына ылайык башка максаттар.

Акция! 2019-жылдын 1-апрелинен баштап насыялар боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү!

Насыя суммасы

20 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин

Валюта

Сом

Пайыздык чен 

19% * башталат

Насыя мөөнөтү 

6 айдан 3 жылга чейин

Насыя берүү үчүн комиссия

Насыя суммасынан 1%

Гранттын суммасы

Насыя суммасынан 20% чейин**

*Үзүрлүү пайыздык чен 21,83% башталат.

** Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАК бөлүмдөрүндө жана байланыш-борборунун номерлери боюнча алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (мобилдик чалуулар үчүн).

Насыя алуу үчүн керек документтер:

  • Насыя алуучунун, кепилдин жана күрөө берүүчүнүн паспорту;
  • Насыяны төлөө булагына байланыштуу насыя алуучунун жана кепилдердин кирешелерин ырастоочу документтер-патент, ЖИ күбөлүгү, акыркы 6 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкаты ж.б.;
  • Берилген күрөө мүлкүнүн түрүнө байланыштуу күрөө мүлк документтери – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, кыймылсыз мүлктүн укук белгилөөчү документтери, транспорттук унааны каттоо тууралуу күбөлүгү ж.б.;
  • Банктын талабы боюнча насыя түрүнө байланыштуу башка документтер.

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу