Кредиттер

Онлайн кредит

Тапшырыкты кароо - 15 мүнөт!

“Компаньон” тиркемесинде болгону бир нече кадам жана кредит сиздин балансыңызда!

Мындан ары каалаган максаттарга тез кредитти алуу үчүн “Компаньон” тиркемесинин колдонуучуларынын тапшырык берүү үчүн банктын кеңселерине кайрылуунун жана документтерди чогултуунун кажети жок. Оперативдүү кароодон кийин, акча каражаттары тиркеменин балансына түз которулат.

КРЕДИТТИ КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?

  • Google Play же AppStore’дон “Компаньон» тиркемесин акысыз жүктөп алыңыз;
  • каттоодон жана идентификациядан өтүңүз;
  • тиркемени ачып, башкы бетинде “Кредиттер” > “Кредитти алуу” дегенди тандаңыз;
  • керектүү сумманы жана мөөнөттү тандаңыз;
  • система сураган жеке маалыматтарды толтуруңуз;
  • оперативдүү кароону күтүңүз –15 мүнөткө чейин, тапшырыктар Банктын иш убактысында 9:00дөн 18:00гө чейин каралат;
  • өзүңүздүн “Компаньон” тиркемеңиздин балансына кредитти алыңыз.

Маанилүү! Онлайн кредитти тиркеменин идентификацияланган гана колдонуучулары ала алышат.

Кредиттин валютасы Сом
Кредит алуучуга талаптар Жалданып иштеген жана расмий айлык акы алган жеке жактар (айлык акы тууралуу маалымат Банк тарабынан КРнын Социалдык фонду аркылуу текшерилет) жана/же бизнес менен алектенген жеке ишкерлер. КРнын 18ден 68 жашка чейинки жарандары.
Кредиттин суммасы Аралыктан видеоидентификациядан өткөн “Компаньон” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн: 2 000- 15 000 сомго чейин. Банктын кеңселеринин биринде толук идентификациядан өткөн “Компаньон” мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн: 2 000-100 000 сомго чейин.
Кредитти берүү Кредит “Компаньон”тиркемесинин балансына эсепке киргизүү аркылуу берилет.
Кредиттин мөөнөтү 1 айдан 12 айга чейин
Номиналдык пайыздык чен Жылдык 29,9%
Эффективдүү пайыздык чен Жылдык 35,05%дан тарта
Камсыздандыруу Кепилдиксиз жана күрөөсүз
Кредитти төлөөнүн тартиби Ай сайын бирдей төгүм менен
Мөөнөтүнөн мурда кредитти төлөөнүн шарттары Айып пул жок

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 23.11.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 30.09.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 01.02.2022 ж. чейин түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

 

Тиркемени жүктөө:

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу