Акча которуулар

КАЗАКСТАНДАН КАРТА НОМЕРИ БОЮНЧА KASPI.KZ ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ЭЛКАРТ КАРТАЛАРЫНА АКЧА КОТОРУУЛАР

Kaspi.kz жана Компаньон Банкынан ыңгайлуу сервис - Казакстандан жөнөтүлгөн акча которууларды каалаган банктын ЭЛКАРТ төлөм каталарына алыңыз.

Kaspi.kz тиркемесинен которууну кантип ишке ашырууга болот? 

 1. “Kaspi.kz” мобилдик тиркемесинде “Переводы”, андан соң “Мои переводы”  бөлүгүнө өтүңүз.

2.  Андан кийин "Международные переводы" бөлүмүн тандаңыз.

3.“Международные переводы” бөлүмүндө ЭЛКАРТка которуулардын эки түрү бар. Компаньон Банкынын ЭЛКАРТ карталарына которуулар үчүн “Карты” тандаңыз.  

4. ЭЛКАРТ картасынын номерин толтуруңуз. Алуучунун аты автоматтык түрдө пайда болот.   

5. Которуунун суммасын тенге менен көрсөтүңүз. Тиркеме автоматтык түрдө казак тенгесин  кыргыз сомго алмаштырат.

6. “К списанию” баскычын басыңыз. Пайда болгон баракчада “Подтвердить и списать сумму” баскычын чыкылдатыңыз.

7. Сиздин телефон номериңизге келген SMSтен бир колдонумдуу кодду киргизиңиз.

8. Андан кийин, которуу кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү пайда болот.

9.  Которуу квитанциясын көрүү үчүн “История” бөлүмүнө өтүп, которууңузду тандаңыз.

10. Эгерде картанын номери туура эмес киргизилсе, “По номеру карты клиент не найден” деген билдирүү пайда болот.

 

Которуу комиссиясы: которуу суммасынан 0,95%, минималдуу 200 теңге.

Акча которуунуу кантип текшерсе болот? 

✓ Кардар картанын балансын текшерүү керек. Бул кызматтар мурда кошулган болсо, толуктоо жөнүндө SMS билдирүүлөр келет.

Чектөөлөр: 

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы: 15 000 сом.

Айына которуулардын максималдуу суммасы: 1 000 000 сом.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).