Акча которуулар

QIWI Капчыгы жана QIWI терминалдары аркылуу которуулар

РОССИЯДАН ЖАНА КАЗАКСТАНДАН КЫРГЫЗСТАНГА КОМИССИЯСЫЗ АКЧА КОТОРУУЛАР

“Кошелек Компаньон” электрондук капчыгын Россиядагы жана Казакстандагы QIWI электрондук капчыгы жана QIWI терминалдары аркылуу толуктоо жолу менен Кыргызстанга акча которуңуз.

Акча которуу үчүн QIWI жана “Компаньон” мобилдик тиркеменин идентификацияланган колдонучуусу болуу зарыл!

“Компаньон” мобилдик тиркеменин толуктоо кызматы акысыз көрсөтүлөт, комиссиянын өлчөмү 0%.

Акчаны кантип которсо болот?

1. QIWI электрондук капчыгынын же терминалынын башкы бетинде “Төлөмдөр жана которуулар” баскычын тандаңыз же болбосо издөө кызматын колдонуп “Компаньон” сөзүн жазыңыз;

2. Андан соң “Капчыктар арасындагы которууларды” тандаңыз;

3. Ылдый жылдырып “Компаньон капчыгын толуктоо” кызматын табыңыз;

4. Капчыктын номерин жана сумманы киргизиңиз;

5. Төлөө жолун тандаңыз

- QIWI Капчыгы аркылуу төлөөдө – капчыктын балансынан же банктык картадан;

- QIWI терминалы аркылуу төлөөдө – капчыктын балансынан, банктык картадан же накталай түрдө.

Которуулардын максималдуу суммасы:

Бир күндүн ичинде - 100 000 рубль, бир айдын ичинде - 200 000 рубль.