Акча которуулар

СберБанк Онлайн тиркемеси аркылуу Россиядан Компаньон Банкынын карталарына которуулар

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: Төлөмдөр”- “Чет өлкөгө”- “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) – “Киргизия”.

3. Картага байланган алуучунун телефон номерин терүү керек (+996ххххххххх), "Банк Компаньон" дегенди тандоо зарыл.

4. Которуунун суммасын киргизүү керек.

5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек.

Которуу Компаньон Банкынын алмашуу курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Валютанын курсун жөнөтүүчү которууну аткарып жатканда Сбербанк Онлайн тиркемесинде көрөт.

Комиссия 0%

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%

Акция 2023-жылдын  5-июнунан 2024-жылдын 31-мартка чейин жүрөт!

* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. 

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%

Акция 2023-жылдын  5-июнунан 2024-жылдын 30-июнга чейин жүрөт!

* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. 

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

1. Компаньон Банкынын Элкарт/Visa картасынын ээси болуу керек.

2. Жөнөтүүчүгө картага туташтырылган актуалдуу телефон номерин билдирүү керек. Ал  номерге которуу келгендиги тууралуу SMS-билдирүү келет (Элкарт үчүн).

3. Картага түшкөн акча каражаттарын текшерүү:

- Интернет-банкинг аркылуу (Элкарт,Visa үчүн);

- SMS-билдирүү аркылуу (Элкарт үчүн) *.

* Кызматты коштуруу үчүн, Компаньон Банкынын кеңселерине кайрылуу зарыл.

Акча которуулар алуучунун картасына жөнөтүлгөн күнү түшөт. Эгерде которуу Бишкек убактысы боюнча 17:00дөн кийин жөнөтүлгөн болсо, анда акча которуу кийинки жумуш күнү түшөт.

Лимиттер:

Россия Федерациясынын тургундары үчүн:

1 которуу – 1 000 000 рублга чейин.

1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 1 000 000 рублга чейин.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 30 000 000 рубль.

Башка кардарлар үчүн:

1 которуу – 150 000 рублга чейин.

1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 150 000 рублга чейин.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль.

Алынган которууну накталап алса болот:

- Компаньон Банкынын банкоматтарынан же кассаларынан;

- DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан;

- Компаньон Банкынын агенттери аркылуу 5 000 сомго чейин;

 же болбосо банктык эсепти/депозитти толуктоого болот, ошондой эле “Кошелек Компаньон” капчыгы же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Россиядан Сбербанк аркылуу Компаньон Банкынын карталарына жана тиркемесине кантип которуу боюнча нускама

КАРТАГА ТАПШЫРЫК