Акча которуулар

СберБанк Онлайн тиркемеси аркылуу Россиядан "Компаньон" мобилдик тиркемесине которуулар

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: Төлөмдөр”- “Чет өлкөгө”- “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) – “Киргизия”.

3. Алуучунун Кошелек Компаньон номерин терүү керек (+996ххххххххх), анан “Кошелек Компаньон”  дегенди тандоо зарыл.

4. Которуунун суммасын киргизүү керек.

5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек.

Которуу Компаньон Банкынын  алмашуу курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Валютанын курсун жөнөтүүчү которууну аткарып жатканда Сбербанк Онлайн тиркемесинде көрөт.

Комиссия 0%

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

1. "Компаньон" мобилдик тиркемесин жүктөп, идентификациялоодон өтүү керек.

2. Жөнөтүүчүгө  "Компаньон" тиркеме номерин билдирүү керек.

3. Балансына түшкөн акча каражаттарын текшерүү:

-алуучу балансын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат.**

** SMS-билдирүү автоматтык түрдө, ал эми эгерде телефонунузда мүмкүн болсо push-билдирүү келет.

"Компаньон" тиркеменин балансына акча которуулар дароо түшөт.

 

Лимиттер:

Толук идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:

1 которуу – 150 000 рублга чейин.

1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 150 000 рубль.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль.

Онлайн идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:

1 которуу – 100 000 сом.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 100 000 сом.

Капчыктагы максималдуу калдык – 100 000 сом.

Алынган которууну накталап алса болот:

- Компаньон Банкынын банкоматтарынан же кассаларынан;

- DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан;

- Агенттери аркылуу - 5 000 сомго чейин;

-Кыргызстандын калааган банкоматтарында комиссиясыз 2023-жылдын 31 декабрына чейин.

же болбосо банктык эсепти/депозитти толуктоого болот, ошондой эле “Компаньон” тиркеме же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.