Акча которуулар

СберБанк Онлайн тиркемеси аркылуу Россиядан "Кошелек Компаньон" капчыгына которуулар

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: “Которуулар”- “Чет өлкөгө которуулар”- “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) – “Киргизия” – “Кошелек Компаньон” дегенди тандоо зарыл.

3. Алуучунун Кошелек Компаньон номерин терүү керек. (+996ххххххххх)

4. Которуунун суммасын киргизүү керек.

5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек.

Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссияны Россиядагы Сбербанктын тарифтерине ылайык төлөйт. Которуу мобилдик тиркемеде жөнөтүү учурунда орнотулган курс боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат.

Рубль менен комиссия - которуунун суммасынан 1% түзөт.

Минимум 30 рубль, максимум 1000 рубль.


АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

1. Компаньон Банкынын тиркемесин жүктөп, идентификациялоодон өтүү керек.

2. Жөнөтүүчүгө Кошелек Компаньон номерин билдирүү керек.

3. Капчыктын балансына түшкөн акча каражаттарын текшерүү:

-алуучу капчыктын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат.**

** SMS-билдирүү автоматтык түрдө, ал эми эгерде телефонунузда мүмкүн болсо push-билдирүү келет.

Кошелек Компаньон балансына акча которуулар дароо түшөт.

 

Лимиттер:

Толук идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

1 которуу – 50 000 рублга чейин.

1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 50 000 рубль.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль.

Онлайн идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

1 которуу – 15 000 сом.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 30 000 рубль.

Капчыктагы максималдуу калдык – 30 000 сом.

Алынган которууну накталап алса болот:

- Компаньон Банкынын банкоматтарынан же кассаларынан;

- DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан;

- Кошелёк Компаньон капчыгынын агенттери аркылуу;

же болбосо банктык эсепти/депозитти толуктоого болот, ошондой эле “Кошелек Компаньон” капчыгы же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.

Кошелек Компаньон тиркемесин жүктөө