"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Мобилдик тиркеме менен иштөөдөгү коопсуздук чаралары

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына коопсуздукту жана жеке маалыматтардын сакталышын камсыздоо үчүн төмөнкүлөрдү аткарууну сунуштайбыз:

1. Колдонуучунун атын, паролун, ПИН-кодун жана башка жеке маалыматтарды төлөмдөрдү жүзөгө ашырууну камсыз кылган түзүлүштөрдө (персоналдык компьютер, уюлдук телефон ж.б.) же башка корголбогон жабдууларда текст менен сактабаш керек;

2. SMS, WhatsApp, Telegram, почта жана башка каналдар аркылуу жиберилген шилтемелер боюнча отпош керек;

3. SMS аркылуу келген бир жолу колдонуучу Пароль/Кодду эч кимге билдирбеш керек;

4. Төлөмдөрдү жүзөгө ашырууну камсыз кылган түзүлүштөрдү (уюлдук аппарат) уруксатсыз кирүүдөн жана зыяндуу программалардан коргоо зарыл. Мында, антивирустук программанын үзгүлтүксүз жаңылануусуна жана ойдогудай иштөөсүнө көз салып туруу керек;

5. Пароль/кодду сакташ учун атайын программа аркылуу мисалы, KeePassXC Password Manager ж.б. колдонуш керек;

6. Маал-маалы менен тиркеменин ПИН-кодун алмаштырып туруу жана төрөлгөн күн өңдүү символдор жана белгилердин жөнөкөй айкалышын колдонбоо керек;

7. Операцияларды жасоого зарыл болбосо жана тактоо үчүн үчүнчү жактарга жеке маалыматты ачыктабаш керек (тиркеменин номери, паспорттогу маалыматтар, банктык эсептин номери же электрондук почтанын дареги, ПИН/пароль);

8. Мыйзамсыз транзакциялар же каталарды байкап туруу үчүн, транзакциялар тарыхын жана мобилдик тиркеменин, картанын ж.б. балансын үзгүлтүксүз текшерип туруу зарыл;

9. Мобилдик тиркемеге кируу учун башка бироонун мобилдик аспапын колдонбоого зарыл;

10. Антивирустук программанын узгултуксуз жаныланышын жана анын усзгултуксуз иштешин козомолдоп туруу менен, озунуздун кируу тузмогугунузду (мобилдик тузулушунузду) уруксатсыз кируудон жана зыяндуу программалардан когонуз;

11. Электрондук транзакцияларды аткаргандан кийин Мобилдик тиркемеден чыгуу зарыл;

12. Мобилдик тиркемени мыйзамсыз колдонуу учурлары, үчүнчү жактар тарабынан ишке ашырылган мыйзамсыз же/жана шылуундук операциялар тууралуу ошол замат кайсыл гана болбосун жеткиликтүү жол менен (жазуу түрүндө, электрондук кат менен, жеке өзүңүз 0312338800 же 8800 номери аркылуу) Банкка билдирүү зарыл;

13. Акчаны эсепке/картага/электрондук капчыкка которууга байланыштуу башка адамдардын буйруктарын аткарбаныз. Которууну кабыл алуу учун капчыктын/мобилдик тиркемеменин номерин же 16 сан картанын номерин корсотуу эле керек.

Мобилдик тиркемени колдонгон Кардарлар дуушар болушу мумкун болгон тобокелдиктер:

- Жеке маалыматтарды жоготуу/уурдоо/ачыкка чыгаруу тобокелдиги - алдамчыларга чабылуучу Кардардын жеке маалыматтарын оз максаттары учун пайдаланууга алып келиши мумкун;

- Эсептен/картадан/капчыктан акчаны уурдатып алуу, тиркемеге кируу коркунучтар бар.

"Компаньон" мобилдик тиркемеси