Кредиттер
“Компаньон” тиркемесиндеги “Кредиттер” бөлүгүндө төмөнкү функционал жеткиликтүү:
✓ Кредитти төлөө
Кредитти төлөө
Кредит боюнча ар айлык карызды жабуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунда «Кредиттер» бөлүгүн тандоо;
2. «Кредиттер» бөлүгүндөгү тизмеден ар айлык төлөм жасала турган кредитти тандап алуу керек;
3. Кийинки ачылган терезечеде кредит боюнча карыз тууралуу маалымат чыгат
- Ар айлык төлөмдүн суммасы.
4. Бул терезечеде “Төлөө” баскычын басып, учурдагы ай боюнча карызды төлөөнү ишке ашырса болот.
Кредит тууралуу маалымат
Кредит тууралуу кенен маалыматты кароо үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:
1. Тиркеменин башкы бетиндеги «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунда «Кредиттер» бөлүгүн тандоо;
2. «Кредиттер» бөлүгүндөгү тизмеден маалымат керек болгон кредитти тандап алуу;
3. Ачылган терезечеде «Кредит тууралуу кененирээк» баскычын басса, төмөнкү маалыматтар көрүнөт:
- Кредиттин эсебинин номери;
- Кредиттин түрү;
- Кредит боюнча пайыздык чен;
- Кредиттин валютасы;
- Кредиттин мөөнөтү;
- Кредиттин суммасы.