Эл аралык акча которуулар

Түркмөнстандын төлөм карталарын толуктоо

Кыргызстанда “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу Түркмөнстандын Visa жана Mastercard төлөм карталарын толуктаңыз. 

Акча каражаттары ошол замат түшөт! 

Которууну ишке ашыруу үчүн "Компаньон" тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болушу керек.  

Толуктоону кантип ишке ашырууга болот?  

«Компаньон» тиркемесинде:

1.“Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүп, “Финансы кызматтары” дегенди тандоо керек.

2. Андан кийин, керектүү кызматты тандоо зарыл:  "Түркмөнстандын банктарынын карталарын толуктоо". 

3. Алуучунун реквизиттерин жана сумманы киргизүү керек (картанын номери сырткы бетинде) 

  • Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 бою жеткиликтүү. 

  • KGSдан эсепке алуу валютасына конвертация ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш - банктын курсу боюнча, эсепке түшкөн сумманы экранда көрсөтүү менен жүргүзүлөт.  

Картаны толуктоо кызматы үчүн комиссия: 

5 000 сомго чейин - 150 сом (толуктоонун суммасына көз карандысыз). 

5 001 сомдон жогору - толуктоонун суммасынан 3%. 

Лимиттер: 

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы: 100 сом. 

Бир жолку толуктоонун максималдуу суммасы: 80 000 сом. 

 
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар - 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).