Эл аралык акча которуулар

Өзбекстан төлөм карталарын толуктоо

Кыргызстанда “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу Өзбекстандын Uzcard жана Humo.

Каражаттар ошол замат түшөт!

Которууну ишке ашыруу үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

Толуктоону кантип ишке ашырса болот?

«Компаньон» тиркемесинде:

1. “Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүү жана “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек. .

2. Андан кийин керектүү кызматты тандоо зарыл:

  • «Өзбекстандын «Uzcard» карталарын толуктоо»;
  • «Өзбекстандын Humo карталарын толуктоо».

3. Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (картанын номерин) киргизүү керек.

✓ Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт.

✓ KGSден эсепке киргизүү валютасына конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш-банктын курсу боюнча жүргүзүлөт жана экранда түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

Картаны толуктоо үчүн комиссия: төлөмдүн суммасынан 1%.

Лимиттер:

Өзбекстандын Uzcard жана Humo карталарын толуктоо

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы - 100 сом;

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы - 24 000 сом.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар - 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).