Эл аралык акча которуулар

“Компаньон” тиркемеси аркылуу телефон номери боюнча тинькофф төлөм карталарын толуктоо

Кыргызстандан “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу Тинькофф Банкынын төлөм карталарын толуктаңыз. Акча каражаты ошол замат түшөт!

Которууну ишке ашыруу үчүн, “Компаньон” мобилдик тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуш керек.

Тинькофф картаcын кантип толуктаса болот?

“Компаньон” тиркемесинде:

1.”Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүп “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек.

2. Андан соң “Телефон номери боюнча Тинькофф Банкына акча которуу” кызматын тандоо керек..

3. Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (телефон номери 7*** *** ** ** форматында) терип төлөмдү ырастоо керек.

• Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 жеткиликтүү

• KGSдан RUBга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш-банктын курсу боюнча жүргүзүлөт. Рубль түрүндөгү сумма транзакцияны ырастоого чейин көрсөтүлөт.

Которуу үчүн комиссия: төлөмдүн суммасынан 1%. Комиссияны жөнөтүүчү төлөйт.

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%

Акция 2023-жылдын  5-июнунан 2024-жылдын 31-мартка чейин жүрөт!

* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. 

Лимиттер:

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы: 20 сом.

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы: 50 000 сом.

Бир күндүн ичинде которуулардын максималдуу саны: 10.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88-00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).