"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Кирүү жана катталуу

Тиркемеге кирүү жана каттоо үчүн, тиркеме жаңылангандан кийин төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Мобилдик аппараттын экранындагы тиркеменин белгисин басуу керек;
  • Пайда болгон авторизация терезечесинде мобилдик телефондун номерин терүү;
  • Оферта менен таанышууну тастыктоо;
  • “Андан ары” баскычын басуу;
  • СМС-билдирүү аркылуу келе турган 4 орундуу бир жолку ПИН-кодду киргизүү;
  • Жаңы ПИН-кодду киргизүү керек*.

Көңүл буруңуздар!

Бир жолку код бир мүнөттүн аралыгында гана жарактуу. Эгерде активдештирүү үчүн коддун убактысы өтүп кетсе, код камтылган SMS-билдирүү алуу үчүн сурам жөнөтүү зарыл!

*Коопсуз жана кыйла татаал ПИН-кодду ойлоп табуу сунушталат. Бул ПИН-кодду мобилдик тиркемеге кирген сайын колдонууга туура келет. ПИН-кодду өзгөрткөндө телефон номериңиздин сандары, туулган жылыңыз өңдүү оңой комбинациялардан качуу зарыл. Мобилдик тиркемени колдонууда жеке маалыматтардын коопсуздугу жана аларды сактоо эрежелерин кармануу керек.

Көңүл буруңуздар!

Эгерде уюлдук аппаратка буга чейин тиркемени манжа изи менен блоктон чыгаруу (Touch ID) болгон болсо, анда кийинки терезечеде уюлдук аппаратка кирүү үчүн манжанын изин сканерлөөнү колдонуу сунушталат:

Эгерде Touch ID колдонууну тастыктасаңыз, кийинки терезечеде кирүү үчүн манжанын изин тастыктоо керек;

Touch ID колдонуудан баш тарткан болсоңуз, мобилдик тиркеменин башкы бети автоматтык түрдө ачылат.

Тиркемеге ПИН-кодду тергенден кийин кирүү

Эсептер жана 20 000 сомго чейин эсептер боюнча калдыгы бар болгон кардарларга:

✓ Башкы экранда Банктын кызматтарын туташтыруу зарылчылыгы боюнча маалымат пайда болот. “Туташтыруу” баскычын басканда, СМС аркылуу 6 орундуу код келет. Ал кодду тиешелүү талаачага киргизгенде, кардарга бардык эсептерге, карталарга жана банктык операцияларга жол ачылат.

Эсептер жана 20 00 сомдон ашык эсептер боюнча калдыгы бар болгон кардарларга:

✓ Буга чейин “Компаньон” капчыгы менен колдонуп келген кардарлардын баары автоматтык түрдө жаңы Тиркемеде идентификацияланган болушат. Идентификация үчүн эч кандай кошумча аракеттерди көрүүнүн кереги жок.

Буга чейин “Компаньон” капчыгы менен колдонуп келген кардарлардын баары автоматтык түрдө жаңы Тиркемеде идентификацияланган болушат. Идентификация үчүн эч кандай кошумча аракеттерди көрүүнүн кереги жок.

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде иштөө боюнча талаптар

Мобилдик тиркемеде иштөө үчүн төмөнкүлөр болушу керек:

1. Операциялык системасы Android 6.0 жана андан кийинки версияда болгон уюлдук аппарат;

2. Интернет тармагына кирүү мүмкүнчүлүгү;

3. Бир жолку паролдорду камтыган SMS-билдирүүлөрдү алуу үчүн уюлдук аппаратта SIM-картанын болушу. SIM-картанын номери буга чейин колдонулган “Компаньон” капчыгынын номери менен бирдей болушу зарыл.

"Компаньон" мобилдик тиркемеси