“Компаньон” мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү
“Компаньон” мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү
➢ Кызматтар үчүн ошол замат төлөө – популярдуу кызматтардын кеңири тизмеги (коммуналдык төлөмдөр, кабелдик ТВ, мобилдик байланыш, интернет ж.б.), ошондой эле банктык кызматтар (кредитти жабуу, депозитти, эсепти жана төлөм картасын толуктоо).
➢ Ыңгайлуулук – тиркемеде акча которууларды алуучунун реквизиттерин, абоненттин өздүк эсептерин сактоого жана төлөмдү тез ишке ашырууга болот;
➢ Которуулар – эл аралык, ички акча которуулар жана тиркемеден тиркемеге акча которуу. Акча жөнөтүүчүнүн дагы, алуучунун да убактысы үнөмдөлөт.
➢ Коопсуздук – тиркеме колдонуу менен аткарылган бардык операциялар боюнча SMS/Push-билдирүүлөр жөнөтүлүп турат.
➢ Ийкемдүүлүк – мобилдик тиркемени иштеп чыккандар анын ыңгайлуулугун жакшыртуунун үстүнөн тынбай эмгектенишет. Мисалы, учурда алуучунун реквизиттерин кол менен терип отурбастан, QR-кодаркылуу которууга жана товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жасоого мүмкүн.
➢ Акча каражаттарын чыгарып кетүү – акча каражаттарды тиркеменин балансынан төлөм картасына которууга мүмкүн.
Тиркеменин башка артыкчылыктары
КРЕДИТТЕР:
- Кредиттер боюнча маалыматтарды кароо (тарыхы, төлөмдөр графиги)
- Кредит боюнча төлөм
- Колдонуучунун ырастоосу менен кредитти автоматтык түрдө жабуу
ДЕПОЗИТТЕР:
- Активдүү депозиттер боюнча кенен маалыматты карап-көрүү
- Жаңы “Компаньон” депозитин ачуу
- Депозиттер боюнча тарых
- Депозиттерди толуктоо
- Депозиттерди жарым-жартылай алып таштоо
КАРТАЛАР ЖАНА ЭСЕПТЕР:
- Эсеп менен байланышкан карталар тизмегин кароо
- Карталык жана учурдагы эсептер боюнча кенен маалыматты кароо
- Карталык эсеп боюнча көрсөтүлгөн мезгилдеги операциялар тарыхын түзүү
- Тез-тез колдонулуучу операциялар үчүн ырасталуучу шаблондорду түзүү
- Карталык эсепти тиркемеге байлоо
- Керек учурда картага тезинен бөгөт коюу
- Картанын аталышын редакциялоо мүмкүнчүлүгү
- Картанын фонун өзгөртүү мүмкүнчүлүгү
АКЧА КОТОРУУЛАР:
- Өз эсептер ортосунда которуулар;
- Жеке QR-код боюнча которууну алуу;
- Сбербанк Онлайн, Тинькофф, Киви тиркемелеринен которууларды алуу;
- Картанын номери боюнча которуу: Компаньон Банкынын төлөм карталарын толуктоо
- Башка картага жана башка картадан, ошондой эле каалаган банктын «ЭЛКАРТ» карталары ортосундагы которуулар;
- Банктын төлөм тапшырыгынын негизинде каалаган банктын реквизиттери боюнча которуулар;
- Которуулардын шаблондорун сактап коюу;
- Ишке ашкан которуулар тарыхы;
КОШУМЧА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:
- Башкы экранда акча каражаттарынын бардык булактарынын тизмеги;
- Операцияларды жүргүзүүдө SMS/PUSH-билдирүүлөр келет;
- Чалуу тиркемеден түз эле Кардарларды колдоо кызматына, whatsapp жана Телеграмга өтөт. Аларга ссылкаларды башкы экрандын оң тарабындагы иконка боюнча табасыз;
- Каалаган ыңглайлуу убакытта ПИН-кодду алмаштыруу мүмкүнчүлүгү;
- ПИН-код же Touch ID жардамы менен төлөмдү тастыктоо;
- Колдонуучуну онлайн идентификациялоо;
- Тиркеменин интерфейсинин тилин өзгөртүү – кыргыз жана орус тилдери жеткиликтүү;
- Интерфейстин темасын өзгөртүү – ачык жана күңүрт дизайндагы темалар жеткиликтүү;
- Учурдагы күнгө карата актуалдуу болгон валюталар курсун кароо;
- Валюталар курсун конвертациялоо;
- Колдонуучунун профилине өзүңүздүн сүрөтүңүздү жайгаштыруу;
- Жакын арадагы банкоматтар жана терминалдардын жайгашуусун кароо.