Компаньон электрондук капчыгы

Россиялык төлөм карталарын “Кошелёк Компаньон” электрондук капчыгы аркылуу толуктоо

Бардык россиялык банктарда чыгарылган VISA, MasterCard жана МИР төлөм карталарын Кыргызстандан “Кошелек Компаньон” тиркемеси аркылуу толтуруңуз. Каражаттар онлайн режиминде заматта которулат!

Акча которуу үчүн “Кошелек Компаньон” электрондук капчыгынын идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

- Россиялык төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт, комиссиянын өлчөмү 2% (кеминде 35 сом).

- Кыргыз сомунан россиялык рубльга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Компаньон Банкынын курсу боюнча жүзөгө ашырылат.

- Акча которуучу адам валюталардын курсун төлөмдү жүргүзүүгө чейин көрөт.

Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толтурса болот?

  1. «Кошелек Компаньон» тиркемесиндеги башкы бетинде «Финансылар» баскычын басыңыз;
  2. «Пополнение карт РФ» кызматын тандаңыз;
  3. Картанын номерин (картанын алдыңкы бетинде) жана сумманы киргизиңиз;
  4. Реквизиттерди, сумманы, валюталардын курсун, комиссияны текшерип, “Төлөө” баскычын басыңыз.

Толуктоолордун максималдуу суммасы:

1 транзакция үчүн 15 000 рубль, бир күндүн ичинде 200 000 рубль.