Компаньон электрондук капчыгы

Коомдук оферта

«Компаньон» электрондук капчыгын ачуу жана тейлөө жөнүндө келишим түзүүгө

ЖАРЫЯ ОФЕРТА

Бул Оферта Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 398-беренесинин 2-пунктуна ылайык жарыя болуп саналат жана «Компаньон Банкы» ЖАКынын (мындан ары – Банк) бардык укукка жана аракетке жөндөмдүү жеке жактын дарегине анын шарттары ушул Офертада камтылган «Компаньон» электрондук капчыгын ачуу жана тейлөө жөнүндө келишим (мындан ары – Келишим) түзүүгө сунушу болуп саналат. Келишим жеке жак тарабынан (мындан ары – Пайдалануучу) Банк системасында ушул Офертанын жана Келишимдин бардык шарттарын кандайдыр-бир алып коюуларсыз же чектөөлөрсүз кошулуу шартында акцептин жана эскертмесиз кабыл алуусун билдирүүчү “Компаньон” электрондук капчыгын каттоо процедурасынан өтүү (б.а. Банктын серверине алыстан жеткиликтүүлүк аркылуу каттоо формаларын толтуруу, Келишимдин шарттары менен таанышуу, алар менен макулдук жөнүндө каттоо формасынын тийиштүү талаасында белги коюу) учурунан түзүлгөн болуп саналат. 

Пайдалануучу Офертанын акцепттөө менен төмөнкүлөрдү тастыктайт:

- ушул Офертада жана Келишимде баяндалган шарттар менен таанышкандыгын, алар менен толук макулдугун жана аларды карманууга милдеттенерин;

- укукка жана аракетке жөндөмдүүлүгүндө чектелбегендигин, камкорчулук, көзөмөл, кепилчилик берүүчүлүк, ошондой эле патронаж астында турбагандыгын, ден соолугунун абалы боюнча укуктарын өз алдынча коргой жана милдеттерин аткара ала тургандыгын, түзүлгөн Келишимдин шарттарын жана аны түзүүнүн кырдаалдарын аңдап билүүгө тоскоол болуучу оорулар менен жабыркабагандыгын;

- Банкка берилүүчү бардык маалыматтардын аныктыгын, толуктугун жана актуалдуулугун кепилдээрин жана берилген маалыматтарды Банкка “Компаньон” электрондук капчыгынын системасында иштетүү укугун берерин.

Пайдалануучу Тарифтерди кошо алганда, кошумча маалыматтар менен Банктын бөлүмдөрүндө, Банктын Интернет тармагындагы расмий сайтында (https://www.kompanion.kg), ошондой эле Банктын Кол-борборунда тааныша алат:

Тел.: +996 (312) 33 88 00;

Уюлдук операторлордун абоненттери үчүн: 8800.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: ОФЕРТАНЫН МАЗМУНУ МЕНЕН ТОЛУК КӨЛӨМДӨ ЖЕ АНЫН КАНДАЙДЫР-БИР БӨЛҮГҮНДӨ МАКУЛ БОЛБОГОН ЖАНА/ЖЕ АГА УШУЛ ОФЕРТАНЫН ЖЕ КЕЛИШИМДИН КАНДАЙДЫР-БИР ЖОБОСУ ТҮШҮНҮКСҮЗ БОЛГОН ЖАК УШУЛ ОФЕРТАНЫ АКЦЕПТӨӨНҮ ЖАСАБООГО ТИЙИШ, Б.А. МАКУЛ БОЛУУГА ЖАНА “КОМПАНЬОН” ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫН ПАЙДАЛАНУУГА КИРИШПЕШИ КЕРЕК.

Андай болбогондо Банк пайдалануучунун бул себеп боюнча дооматтарын кабыл албайт жана ушул Офертанын акцептинен келип чыккан милдеттенмелерди гана тартмакчы.

1. Келишимде пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар

1.1. Электрондук акчалардын агенти (дистрибьютор) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, электрондук акчаларды чыгарган банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде электрондук акчаларды накталай же накталай эмес акча каражаттарына жабууну (алмаштырууну) жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер, резидент.

1.2. Аутентификация – көрсөтүлгөн идентификатордун (ПИН-код, логин ж.б.) аныктыгын текшерүү жолу менен Пайдалануучуну аныктоо.

1.3. Банк – «Компаньон Банкы» ЖАКы, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде аракеттенет, “Компаньон” электрондук капчыгы системасынын алкагында электрондук акчалар менен операцияларды ишке ашыруу үчүн атайын программалык камсыздоону, аппараттык жана тармактык жабдууну орнотот жана техникалык колдоону камсыздайт.

1.4. Электрондук капчыкты блоктоо – Электрондук капчык боюнча операцияларды жасоого тыюу салуу.

1.5. Верификация – кардардын жана (же) бенефициардык ээлик кылуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерүү процедурасы.

1.6. Идентификация – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Пайдалануучу жана/же бенефициардык ээлик кылуучунун идентификациялык маалыматтарын аныктоо процедурасы.

1.7. Электрондук капчыктын идентификациялык номери – Электрондук капчыктын уникалдуу номери, ал аны системада каттоодо ыйгарылат жана мобилдик телефондун номерине дал келет.

1.8. Идентификацияланган Пайдалануучу (электрондук капчыктын кармоочусу) – Банктын кардары болуп саналган жана Банкта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, идентификация жана верификация процедурасынан өткөн жеке жак.

1.9. Идентификацияланган электрондук капчык – ушул Келишимдин 3.3 жана 3.4 пункттарына ылайык идентификацияланган жана  анын кармоочусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, идентификация жана верификация процессинен өткөн электрондук капчык.

1.10. Мобилдик тиркеме – Android OS жана iOS операциялык системалары үчүн түзүлгөн жана Электрондук капчыкты мобилдик түзүлүштө интернет кошулуу аркылуу башкарууга мүмкүндүк берген “Компаньон” электрондук капчыгы мобилдик тиркемеси.

1.11. Идентификацияланбаган Пайдалануучу (электрондук капчыктын кармоочусу) – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Банкта идентификация жана верификация процедурасынан өтпөгөн жеке жак.

1.12. Идентификацияланбаган Электрондук капчык – Идентификацияланбаган Пайдалануучунун Электрондук капчыгы, ошондой эле ушул Келишимдин 3.4 пунктуна ылайык идентификацияланган Пайдалануучуга байланбаган Электрондук капчык.

 

1.13. ПИН-код (персоналдык идентификациялык номер) – “Компаньон” электрондук капчыгы системасына мобилдик түзүлүш жана башка алыстан жеткиликтүүлүк каналдары аркылуу жеткиликтүүлүктүн уникалдуу төрт маанилүү коду.

1.14. Банктын эрежелери – Банктын электрондук акчалар, банк кызматтарын берүү, кардарлардын кайрылууларын кароо ж.б. операцияларды жасоо тартибин жөнгө салуучу бардык локалдуу ченемдик актылары.

1.15. Жөнөкөй электрондук кол (ЖЭК) – электрондук формадагы маалымат (коддор, паролдор жана башка идентификаторлор), ал электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык байланышкан жана анын атынан маалыматка кол коюлган жакты аныктоо үчүн пайдаланылат.

1.16. «Компаньон» электрондук капчык системасы (мындан ары – «Система») – электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү системасы, банк жана башка институттардын, процессингди ишке ашыруу, жеткиликтүүлүктүн ар кандай каналдарын пайдалануу менен электрондук акчаларды жана төлөмдөрдү жүгүртүү мүмкүндүгүн камсыздоочу аппараттык техникалык каражаттардын, эрежелердин жана процедуралардын топтому. 

1.17. Электрондук акчалар – улуттук валютадагы акчалай нарк, ал электрондук капчыкта электрондук түрдө сакталат жана Банктын жана үчүнчү жактардын товарлар/кызматтар үчүн төлөм каражаттары катарында кабыл алынат.

1.18. Электрондук капчык – Пайдалануучунун электрондук акчаларынын сакталуучу жайы болуп саналган «Компаньон» электрондук капчыгы.

2. Келишимдин предмети 

2.1. Ушул Келишим боюнча Банк Пайдалануучуга Системада Электрондук капчык ачат, Пайдалануучунун Системада ушул Келишимде жана Банктын Эрежелеринде каралган шарттарда аны пайдалануусун камсыздайт.

2.2. Индентификацияланган Электрондук капчык аркылуу Пайдалануучу ушул Келишимдин 4-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган лимиттердин чектеринде төмөнкү операцияларды жүргүзө алат:

2.2.1. Электрондук капчыкты толуктоо;

2.2.2. электрондук акчаларды “Компаньон” электрондук капчыгы системасынын башка электрондук капчыгына которуу;

2.2.3. Contact, Unistream, Western Union системаларынан акча которууларды алуу;

2.2.4. товарларга жана кызматтарга акы төлөө;

2.2.5. электрондук акчаларды накталоо;

2.2.6. Банктагы эсепти толуктоо;

2.2.7. Банктагы депозитти толуктоо;

2.2.8. Банктагы кредитти жабуу.

2.3. Аралыктан идентификацияланган Электрондук капчык аркылуу Пайдалануучу ушул Келишимдин 4-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган лимиттердин чектеринде төмөнкү операцияларды жүргүзө алат:

2.3.1. Электрондук капчыкты толуктоо;

2.3.2. товарларга жана кызматтарга акы төлөө;

2.3.3. Банктагы эсепти толуктоо;

2.3.4. Банктагы депозитти толуктоо;

2.3.5. Банктагы кредитти жабуу;

2.3.6. электрондук акчаларды накталоо

2.3.7. Contact, Unistream, Western Union системаларынан акча которууларды алуу;

2.4. Колдонуучу идентификацияланбаган электрондук капчык аркылуу операцияларды жүргүзө албайт.

2.5. Ушул Келишимдин 2.2 жана 2.3 пункттарында көрсөтүлгөн операциялардын тизмелери биротоло болуп саналбайт жана ушул Келишимдин 9.1 пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө өзгөртүлө жана/же толуктала алат.

2.6. Электрондук капчык боюнча операциялар Банк тарабынан Банктын расмий сайтында (https://www.kompanion.kg) жарыяланган тарифтерге ылайык Электрондук капчыктан комиссиялык сыйакынын тийиштүү суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.

2.7. Операция Банктын Агенти аркылуу жүргүзүлгөн учурда Агенттин тарифтерине ылайык кошумча комиссия алынышы мүмкүн. Пайдалануучу Агенттин тарифтери жөнүндө маалымат берүүнү Агенттен талап кылууга укуктуу.

2.8. Комиссия Операциянын суммасына кошулбайт жана аны азайтпайт. Бул комиссия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык салыктарды жана жыйымдарды камтыйт.

2.9. Пайдалануучунун катасы боюнча операция боюнча эсептен чыгарылган комиссия кайтарылууга жатпайт.

3. Электрондук капчыкты каттоо жана идентификациялоо 

3.1. Электрондук капчыкты Системада каттоо жеткиликтүүлүк үчүн ПИН-код аныкталуу менен Банктын Эрежелерине жана талаптарына ылайык “Компаньон” электрондук капчыгы мобилдик тиркемеси аркылуу аралыктан ишке ашырылат.

3.2. Электрондук капчыкты Системада каттоодо ага Пайдалануучу тарабынан көрсөтүлгөн мобилдик телефондун номерине дал келүүчү идентификациялык номер ыйгарылат. Идентификациялык номерди ыйгаруу жана анын болушу Электрондук капчыктын идентификациясы фактысын билдирбейт.

3.3. Мурда идентификацияланбаган Пайдалануучулар үчүн Электрондук капчыкты идентификациялоо төмөнкүдөй ишке ашырылат:

  • Банктын Эрежелерине же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мобилдик тиркеме аркылуу аралыктан идентификациялоо;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификация жана верификация процедураларынан өткөндөн кийин Банктын же Банктын Агентинин бөлүмдөрүндө.

3.4. Мурда идентификацияланган Пайдалануучуну (Банктын Кардарын) Электрондук капчыкка байлоо Банктын бөлүмдөрүндө же Банктын Эрежелерине ылайык дистанттык түрдө жүргүзүлөт. Мындай байлоо болгондо Электрондук капчык идентификацияланган деп эсептелет.  

3.5. Банк бул процедуралардан туура эмес өтүү болгон учурда Электрондук капчыкты каттоодон жана/же идентификациялоодон баш тартат.

3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда (анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын, Улуттук банкынын талабы боюнча), Банк Пайдалануучудан идентификация (байлоо) процедурасынан өтүүнү талап кылууга жана Банктын талаптары толук аткарылганга чейин Пайдалануучунун Электрондук капчыгын блоктоого укуктуу.

3.7. Идентификацияланбаган Электрондук капчыкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Банктын Эрежелеринде жана ушул Келишимде каралган чектөөлөр колдонулат.

4. Электрондук капчык боюнча операцияларды жүргүзүү тартиби

4.1. Электрондук капчык боюнча операциялар Пайдалануучунун тескемелеринин негизинде жүргүзүлөт. Операциялар ушул Келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Банктын Эрежелеринде көрсөтүлгөн башка негиздер боюнча жүргүзүлө алат.

4.2. Операцияга тескеме Пайдалануучу системага (аутентификацияга) киргенден жана мобилдик тиркемеде тийиштүү формаларды толтуруу жолу менен төлөм реквизиттерин берүүдөн кийин түзүлгөн болуп эсептелет.  

4.3. Пайдалануучу тарабынан ПИН-кодду киргизүү же жөнөкөй электрондук колду (ЖЭК) пайдалануу менен берилген операцияга тескеме талаптагыдай жана Пайдалануучунун операция жасоого ниетин жана операцияга жөнөтүлгөн тескеменин аныктыгынын тастыктоонун жетиштүү ыкмасы болуп таанылат.

4.4. ПИН-код/ЖЭК өзү койгон колдун аналогу болуп саналат. Пайдалануучу тарабынан  ПИН-кодду/ЖЭКти пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзү кол койгондой эле юридикалык кесепеттерди жаратат.   

4.5. Пайдалануучу жөнөткөн, ПИН-код/ЖЭК аркылуу кол коюлган жана Банк тарабынан Электрондук капчык аркылуу алынган бардык электрондук документтер:

- Пайдалануучудан чыккан анык, теңдеш жана бүтүн документтер болуп саналышат жана юридикалык маанилүү аракеттерди жасоо үчүн негиз болуп саналышат;

-  жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүм жасоонун талаптарын канааттандырат жана Пайдалануучунун өзү кол койгон, кагаз алып жүрүүчүдөгү мааниси жана мазмуну боюнча иденттүү документтериндей эле юридикалык күчкө ээ.

4.6. Электрондук капчык боюнча операциялар Банк тарабынан Пайдалануучунун операцияга тескемесин аткаруу учурунан биротоло болуп саналат.

4.7. Операция төмөнкү учурларда жасала албайт:

4.7.1. лимиттерден ашканда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Банктын Эрежелеринде каралган чектөөлөрдү бузганда;

4.7.2. Электрондук капчыкта операцияны жүргүзүү жана Банктын жана/же Агенттин комиссиясын төлөө үчүн каражаттардын жетишсиздигинде;

4.7.3. төлөм жана/же башка реквизиттерди көрсөтүүдө ката болгондо;  

4.7.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Банкка операция жүргүзүү жана/же идентификациялоо жана верификациялоо үчүн зарыл документтердин (реквизиттердин) комплектин бербөөдө же толук эмес берүүдө;

4.7.5. Пайдалануучунун арызы боюнча же Банк тарабынан ушул Келишимдин 5.1.3 жана 5.1.4 пункттарына ылайык бир тараптуу тартипте Электрондук капчыкты блоктоодо;

4.7.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана/же ушул Келишимдин шарттарына карама-каршы келген операцияларды жасоодо;

4.7.7. ушул Келишимде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Банктын Эрежелеринде каралган башка учурларда.

4.8. Электрондук капчык боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана ишке ашырылат.

4.9. Электрондук капчыкты Банктын кассасы аркылуу чет элдик валютадагы акча каражаттары менен толуктоодо, Банк өзү тараптан эсепке кошуу датасына карата белгиленген курс боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарынын эквиваленттик суммасын эсепке кошууну жүргүзөт.

4.10. Электрондук капчык боюнча башка лимиттер жана чектөөлөр, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Банктын Эрежелеринде каралгандар Банктын расмий сайтында жарыяланат (https://www.kompanion.kg).

4.11. Операцияларды жүргүзүүнүн ушул главада көрсөтүлгөн тартиби ушул Келишимдин 9.1 пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттөрдө өзгөртүлө жана/же кошумчалана алат.

5. Тараптардын укуктары жана милдеттери

5.1. Банк төмөнкүлөргө укуктуу:

5.1.1. Пайдалануучу берген маалыматтарды бардык ыңгайлуу ыкма менен кайра текшерүүгө;

5.1.2. Пайдалануучудан Электрондук капчык боюнча операциялар жөнүндө, анын ичинде акча каражаттарынын чыгуу булагын тастыктаган кошумча маалыматты жана документтерди сурап алууга;

5.1.3. төмөнкү учурларда Электрондук капчыкты блоктоону/жабууну ишке ашырууга:

- аракетке жөндөмдүү эмес, укукка же аракетке жөндөмдүүлүгүндө чектелген Пайдалануучу тарабынан Электрондук капчык катталганда;

- ал боюнча Электрондук капчыкты каттоо ишке ашырылган мобилдик телефондун номери активсиздештирилгенде же жокко чыгарылганда;

- ушул Келишим жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка учурларда.

Жогоруда көрсөтүлгөн учурларда акча каражаттарынын калдыгы Банктын атайын эсебине которулат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы каралбаса, Пайдалануучу жазуу жүзүндөгү арыз менен комиссияларды жана башка тийиштүү кармап калууларды кемитүү менен калдыгын талап кыла алат;

5.1.4. эгерде Электрондук капчык боюнча 6 (алты) календарлык ай аралыгында операциялар жүргүзүлбөгөн учурда Электрондук капчыктагы калдыкка карабастан Электрондук капчыкты блоктоого;

5.1.5. операциялар боюнча акча каражаттарын баштапкы менчик ээсине кайтаруу менен террористтик ишмердүүлүктү финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Электрондук капчык боюнча бардык күмөн операцияларды алып салууга;

5.1.6. Системада үзгүлтүк болгондо жазууларга түзөтүүлөрдү киргизүүгө, ошондой эле Пайдалануучу тарабынан жасалган операциялар жөнүндө маалыматты калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл аракеттерди жүргүзүүгө;

5.1.7. операциялар боюнча тарифтерди жана лимиттерди (чектөөлөрдү) бир тараптуу тартипте белгилөөгө жана өзгөртүүгө (көбөйтүүгө, азайтууга). Мындай өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат сөзсүз түрдө Банктын расмий сайтында (https://www.kompanion.kg) ал өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин он иш күнүнөн кеч эмес жарыяланат;

5.1.8. Электрондук капчыктын жана Системанын интерфейстерин жана программалык камсыздоосун модификациялоону жүргүзүүгө;

5.1.9. профилактикалык иштерди жүргүзүү жана оң эместиктерди, каталарды жана үзгүлтүктөрдү четтетүү максатында Электрондук капчыктын жана Системанын программалык жана/же аппараттык каражаттарынын ишин токтото турууга;

5.1.10. үчүнчү жактарга (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, финансылык чалгындоо органына, сотко, ыйгарымдуу мамлекеттик салык органына, кредиттик бюрого, Пайдалануучунун мураскерлерине (укук мураскерлерине)) Пайдалануучу, Электрондук капчык жана электрондук капчык боюнча операциялар жөнүндө ушул Келишимде, Пайдалануучу менен башка келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте маалыматты берүүгө;

5.1.11. Пайдалануучу берген маалыматтарды жыйноону, сактоону, бардык ыкмалар менен иштеп чыгууну ишке ашырууга;

5.1.12. зарыл болгондо системанын катышуучуларына (Кызматтарды берүүчүлөргө, Акцептанттарга, төлөм операторлоруна) төмөнкүлөрдү берүүнү ишке ашырууга:

- Пайдалануучу тарабынан Электрондук капчыкка жетүү үчүн пайдаланылуучу программалык аппараттык каражаттардын конфигурациясы жана башка мүнөздөмөлөрү, ошондой эле Оператор тарабынан Пайдалануучунун программалык аппараттык системалары менен өз ара аракеттенүү процессинде автоматтык түрдө берилүүчү башка бардык маалыматтар жөнүндө маалыматты;

- Электрондук капчык боюнча операцияларды алдын-ала текшерүүнү ишке ашыруу максатында башка Пайдалануучуларга/үчүнчү жактарга Пайдалануучуда идентификацияланган/идентификацияланбаган Пайдалануучу (Электрондук капчык) статусу, Кыргыз Республикасынын резиденти/резиденти эмес статусу бардыгы, Пайдалануучунун ФААсы жөнүндө маалыматты;

- башка маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте;

5.1.13. эгерде Пайдалануучу тарабынан акы төлөнгөн товарды же кызматты мындай кайтаруу жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын негизинде мүмкүн эмес болсо, доомат боюнча сумманы Пайдалануучуга кайтаруудан баш тартууну;

5.1.14. үчүнчү жак тарабынан акча каражаттарын Электрондук капчыкка которуу боюнча операция талашылган учурда (Электрондук капчыктагы калдыктын чектеринде), Банктын тийиштүү маалымдоо алган күндөн үч иш күнү аралыгында акча каражаттарынын дооматтык суммасын кармап калууну.

5.2. Банк акцептсиз тартипте (Пайдалануучунун тескемесиз) Электрондук капчыктан каражаттардын төмөнкү суммасын эсептен чыгара алат:

5.2.1. ушул Келишимде каралган тарифтерге ылайык, Пайдалануучу тарабынан төлөнүүгө жаткан комиссияны (анын ичинде эл аралык акча которуулар системалары аркылуу алынган акча каражаттарын эсептөө үчүн комиссияны да);

5.2.2. Пайдалануучу тарабынан ушул Келишимди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн бышмананы (айыппул, туум);

5.2.3. Банк тарабынан Электрондук капчык боюнча операцияларды ишке ашыруунун натыйжасында тартылган, документалдык тастыкталган чыгымдарды;

5.2.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүп алууну айлантууга жаткан каражаттардын суммасын;

5.2.5. Электрондук капчыкка жаңылыш эсептелген каражаттардын суммасын;

5.2.6. төмөнкү учурлардын натыйжасында түзүлгөн Пайдалануучунун карызын;

- Электрондук капчыкка электрондук акчалардын жаңылыш/ашыкча суммасын которуунун;

- Төлөөчү/үчүнчү жак тарабынан Электрондук капчык боюнча жасалган тигил же бул сумманы талашуунун;

- техникалык үзгүлтүктөрдүн натыйжасында;

- техникалык ашыкча жумшоонун;

- башка учурларда;

5.2.7. Банктын аракеттеги тарифтерин кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Банктын Эрежелерине жана ушул Келишимге ылайык, Пайдалануучуга төлөнүүгө жаткан каражаттардын башка суммаларын.

5.3. Пайдалануучу укуктуу:

5.3.1. Банктын Эрежелеринде каралган тартипте Электрондук капчык боюнча операциялар жөнүндө маалымдоолорду, маалыматты, көчүрмөлөрдү алууга;

5.3.2. Банктын   Эрежелеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Банкка дооматтарды коюуга жана башка арыздарды жөнөтүүгө;

5.3.3. Пайдалануучуда Банк алдында карыз жок болгон шартта мобилдик тиркемеден бир жактуу тартипте алып салуу жолу менен ушул Келишимди аткаруудан баш тартууга.   

5.4. Банк милдеттүү:

5.4.1. ушул Келишимдин шарттарын сактоого, өз милдеттенмелерин талаптагыдай түрдө аткарууга;

5.4.2. тийиштүү маалыматты оператордун сайтында (https://www.kompanion.kg) жайгаштыруу, же Пайдалануучуга ушул Келишимде аныкталган башка ыкма менен маалымдоо жолу менен Банктын Эрежелериндеги өзгөрүүлөр жана Электрондук капчык боюнча операциялар боюнча тарифтер, лимиттер жөнүндө маалымдоого;

5.4.3. Пайдалануучу өзү билбегенден улам же билип туруп үчүнчү жактарга мындай санкцияланбаган жеткиликтүүлүк үчүн каналдарды жана мүмкүнчүлүктү берген учурларды кошпогондо, Пайдалануучунун Электрондук капчыгы жана ал боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматка башка жактардын санкцияланбаган жеткиликтүүлүгүн болтурбоо үчүн чараларды көрүүгө;

5.4.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте (анын ичинде Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын, Улуттук банкынын талабы боюнча да) Пайдалануучунун Электрондук капчыгын блоктоого;  

5.4.5. Электрондук капчыктардын пайдалануучулары жана Системада жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтардын конфиденциалдуулугун жана сакталуусун камсыздоого;

5.4.6. Системада операцияларды коопсуз жана ишенимдүү жүргүзүүнү камсыздоого.

5.5. Пайдалануучу милдеттүү:

5.5.1. ушул Келишимдин шарттарын сактоого, өз милдеттерин жана Банктын талаптарын талаптагыдай түрдө аткарууга;

5.5.2. Электрондук капчыкты пайдаланууда персоналдык маалыматтардын коопсуздугунун жана сактоонун эрежелерин карманууга;

5.5.2.1. өзүнүн ПИН-кодун жашыруун кармоого жана аны башка адамдарга бербөөгө;  

5.5.2.2. ПИН-кодду жазбоого, а эстеп калууга;

5.5.2.3. мезгили менен ПИН-кодду өзгөртүүгө;

5.5.2.4. ПИН-кодду алмаштырганда телефон номеринин аягы, туулган дата ж.б. сыяктуу айкын, оңой болжолдонулуучу комбинациялардан качууга;

5.5.2.5. тиркемеге кирүүдө телефондун экраны башкаларга жеткиликтүү эмес экенине ынанып, ПИН-кодду киргизүүгө;

5.5.3. ишмердик ишмердүүлүк менен байланышкан операцияларды жүргүзбөөгө;

5.5.4. Банкка анык идентификациялык (персоналдык) маалыматтарды берүүгө;

5.5.5. идентификациялык (персоналдык) маалыматтарды, реквизиттерди жана идентификация жана верификация үчүн көрсөтүлүүчү документтердеги маалыматтар өзгөргөн учурда, бул жөнүндө өз убагында Банкка маалымдоого;

5.5.6. Банкка ушул Келишимдин алкагында Банк тарабынан талап кылынуучу маалыматты жана документтерди берүүгө;

5.5.7. операцияны жасоого негизди тастыктоо үчүн Банктын талабы боюнча ага акча каражаттарынын чыгуу булагын тастыктоочу маалыматты жана документтерди берүүгө.

6. Тараптардын өз ара аракеттенүүсү жана дооматтарды кароо тартиби

6.1. Банк Пайдалануучуну маалымдоону төмөнкү ыкмалардын бири менен ишке ашырат:

6.1.1. маалыматты Банктын Сайтында (https://www.kompanion.kg) жайгаштыруу жолу;

6.1.2. Пайдалануучу көрсөткөн мобилдик телефон номерине СМС-жайылтуу жолу;

6.1.3. Пайдалануучу көрсөткөн мобилдик телефон номерине push-маалымдоо жөнөтүү жолу;

6.1.4. телефон менен;

6.1.5. Пайдалануучу көрсөткөн дарекке кат жөнөтүү жолу;

6.1.6. Пайдалануучу көрсөткөн электрондук дарекке электрондук кат жөнөтүү жолу;

6.1.7. Пайдалануучу көрсөткөн номерге факс жөнөтүү.

6.2. ПИН-код/ЖЭК жоготулган, мобилдик телефон жоготулган, Электрондук капчыкка санкцияланбаган жеткиликтүүлүк жөнүндө шектенүү келип чыккан учурда, Пайдалануучу жазуу, электрондук же оозеки түрүндө тиешелүү арыз менен токтоосуз Банкка кайрылууга же Кол-борбордун телефону: +996 (312) 338800; уюлдук операторлордун абоненттери үчүн: 8800 боюнча кайрылууга милдеттүү. Банк бул арызды карайт жана идентификацияланбаган Пайдалануучунун Электрондук капчыгын идентификациялоого же идентификацияланбаган Пайдалануучунун ПИН-кодун/ЖЭКин алмаштырганга чейин блоктойт.

6.3. Пайдалануучунун бардык дооматтары (даттануулары) Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актылары жана Банктын Эрежелери менен каралган тартипте жана мөөнөттөрдө каралат.

7. Тараптардын жоопкерчилиги

7.1. Банк жоопкерчилик тартат:

7.1.1. ушул Келишимди аткарбоо жана талаптагыдай эмес аткаруу үчүн;

7.1.2. ага Пайдалануучунун персоналдык маалыматтарына, жасалган олперациялар жөнүндө маалыматка жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен конфиденциялык маалыматка (банк сыры) киргизилген бардык башка маалыматка карата бардык маалымат кирген Пайдалануучу тарабынан берилген конфиденциалдуу маалыматтын сакталуусун камсыздабаганы үчүн.

7.2. Банк жоопкерчилик тартпайт:

7.2.1. Пайдалануучунун катасы боюнча жасалган Пайдалануучунун тескемелерин аткаруу жана Операцияны жүргүзүү үчүн;

7.2.2. үчүнчү жактардын аракетинин/аракетсиздигинин кесепетинен (интернеттин ишиндеги техникалык үзүлүштөр, электр азыктандырууну жана байланыш тармактарын өчүрүлүүсү/бүлдүрүлүүсү, процессинг борборунун программалык камсыздоосундагы үзүлүштөр) ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу үчүн;

7.2.3. Банк сырын түзүүчү маалыматтарды кошо алганда, Пайдалануучу тарабынан Банктын Эрежелерин жана ушул Келишимди бузуунун, башка учурларда Пайдалануучу тарабынан тиешелүү маалыматтарды сактоо жана пайдалануу шарттарын карманбагандыктын натыйжасында Электрондук капчык боюнча маалыматтын чыгып кетиши үчүн;

7.2.4. Пайдалануучунун жаңылыштыгынын натыйжасында (Электрондук капчыктын туура эмес идентификациялык номерин жана башка идентификациялык маалыматтарды, реквизиттерди көрсөтүү, Пайдалануучунун жаңылыш тескемелери, Электрондук капчыктын лимитинен ашкан акчалардын ашыкча суммасын киргизүү ж.б.) Пайдалануучуга келтирилген зыяндар үчүн;

7.2.5. Пайдалануучунун күнөөсү же этиятсыздыгы боюнча Пайдалануучунун Электрондук капчыгына жеткиликтүүлүк ачылган учурда, үчүнчү жактардын алдамчылык аракеттери үчүн;

7.2.6. ал боюнча милдеттенме Электрондук капчыктагы электрондук акчалар менен төлөнгөн Пайдалануучу менен үчүнчү жактын ортосундагы бүтүмдүн жараксыздыгы үчүн, бүтүмдү түзүүнүн, аткаруунун жана бузуунун бардык кесепеттери үчүн.

7.3. Пайдалануучу жоопкерчилик тартат:

7.3.1. ушул Келишимдин, Банктын Эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын шарттарын аткарбоо жана талаптагыдай эмес аткаруу үчүн;

7.3.2. логинди, ПИН-кодду/ЖЭКти кошо алганда, маалыматтардын сакталуучулугун камсыздоо үчүн;

7.3.3. Операцияларды жасоого тескемени талаптагыдай эмес тариздөө үчүн;

7.3.4. Банкка анык эмес жана толук эмес маалыматтарды бергендик үчүн;

7.3.5. Электрондук капчыктын үчүнчү жана/же аракетке жөндөмсүз жак тарабынан пайдаланылышы үчүн.

8. Келишимди түзүү тартиби жана мөөнөтү

8.1. Ушул Келишим Банк менен Пайдалануучунун ортосунда кошулуу формасында түзүлөт (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 387-беренеси).

8.2. Ушул Келишим Офертанын акцепти, б.а. Пайдалануучу тарабынан системада Электрондук капчыкты каттоо (алыстан жеткиликтүүлүк аркылуу каттоо формаларын толтуруу, Келишимдин шарттары менен таанышуу, алар менен макул болуу жөнүндө каттоо формасынын тийиштүү талаасында белги коюу) процедурасынан өткөн учурунан күчүнө кирет жана аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.

8.3. Ушул Келишимдин шарттарын акцепттөө Пайдалануучу тарабынан ушул Келишимдин бардык шарттарын кандайдыр-бир алып коюуларсыз жана/же чектөөлөрсүз толук жана шартсыз кабыл алууну түшүндүрөт жана эки тараптуу жазуу жүзүндө макулдашууну түзүүгө тең күчтө. 

8.4. Акцепттин мөөнөтү чектелбеген.

8.4. Ушул Келишим мөөнөтсүз болуп саналат.

9. Келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби

9.1. Тарифтерди, операциялардын тизмесин жана жүргүзүү тартибин кошо алганда, ушул Келишим Банк тарабынан ал өзгөртүүлөрдү Банктын расмий сайтында (https://www.kompanion.kg) же массалык маалымат каражаттарында мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин он күн аралыгында жайгаштыруу жолу менен каалаган учурда бир тараптуу тартипте өзгөртүлө алат.

9.2. Пайдалануучу каалаган учурда Банк алдында жабылбаган карыз жок болгон шартта же эгерде ал блоктолбосо, Электрондук капчыкты жабууга арыз берүү жолу менен (ушул Келишимге ушул Келишимдин 9.1 пунктунда каралган тартипте киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен макул болбоо учурларын кошо алганда) ушул Келишимди буза алат.

9.3. Банк Пайдалануучуну он иш күнүнөн кем эмес мезгилде ушул Келишимдин 6.1 пунктунда каралган ыкмалар менен алдын-ала маалымдоо менен ушул Келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу. Мындай учурда Келишимди бузуу учуруна карата электрондук акчалардын калдыгынын суммасы Банктын бөлүмдөрүндө накталай төлөнүп берүүгө, же Пайдалануучудан арыз алынган датадан он иш күнү аралыгында көрсөтүлгөн банк эсебине которулууга жатат.

10. Талаштарды чечүү тартиби

10.1. Тараптар Келишим боюнча талаштарды жана/же пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр же дооматтарды жөнөтүү жолу менен чечүү үчүн бардык чараларды көрүшөт.

10.2. Келишим боюнча талаштарды жана/же пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогондо муну менен Тараптар макул болушат жана ушул Келишимден келип чыккан же байланышкан, анын ичинде ушул Келишимди түзүүгө, бузууга, токтотууга, андан чыгууга же жараксыздыгына тиешелүү бардык талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте чечүүгө жатат деп таанышат. 

10.3.     Тараптар КРнын Жарандык Процесстик Кодексинин (КР ЖПК) 34-беренесин жетекчиликке алышып, КР ЖПКнын 30-беренеси менен белгиленген сот караштуулугун өзгөртүүгө сүйлөшүштү, ошого жараша Банк доо менен, сот караштуулугу КРнын ЖПКнын 32-беренесинде белгиленген доолорду эске албаганда, Банктын же анын филиалдары жайгашкан жери боюнча же болбосо жоопкер жайгашкан жери боюнча кайрылууга укуктуу. Пайдалануучу Банкка карата доо менен Банк жайгашкан жер боюнча гана кайрылууга укуктуу.

 

11. Корутунду жоболор

11.1. Пайдалануучу ушул Келишимдин бардык шарттары ага түшүнүктүү жана ал аларды шартсыз жана толук кабыл ала тургандыгын кепилдейт.

11.2. Пайдалануучу ушул Келишим боюнча укук мамилелерине кирүү үчүн, бардык жогоруда көрсөтүлгөн укуктарды жасоого бардык зарыл укуктарга ээ экендигин жана ушул Келишим боюнча өз милдеттерин аткарууга кандайдыр-бир тоскоолдуктарга ээ эместигин кепилдейт.

11.3. Ушул Келишимдин кандайдыр-бир бөлүгүнүн жараксыздыгы же аткарылбоочулугу анын башка бөлүктөрүнүн жакраксыздыгын же аткарылбоочулугун жаратпайт.

11.4. Электрондук капчык боюнча бардык операцияларды жасоо убактысы болуп, эгерде убакытты аныктоонун башка тартиби кошумча эскертилбеген болсо, Банктын операциялар жөнүндө маалыматты иштетүүчү серверинин маалыматтарынын негизинде аныкталуучу убакыт саналат.

11.5. Ушул Келишимдин шарттарында өз чагылдырылуусун таппаган бардык калган маселелерде, Тараптар Пайдалануучунун жарандуулугуна жана жашаган жерине карабастан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алышат.

11.6. Тараптар ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө бири-бирин болжолдонулган өзгөрүүлөр жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдоого жана Тараптардын ушул Келишимдин шарттарын аткаруусуна түз таасир этүүчү кошумча ачылган жагдайлар жөнүндө маалымдоого милдеттенишет.

11.7. Буга Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгон учурларды алып салганда, Ушул Келишим боюнча укуктарды үчүнчү жактарга берүүгө жол берилбейт.

11.8. Алардын келип чыгуусу, жүрүшү жана токтоосу Тараптардын мүмкүнчүлүгүнө көз каранды болбогон шарттар (форс-мажор) Тараптарды бардык жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаруудан бошотпойт, болгону аларды аткаруу мөөнөтүн гана алардын аракети мөөнөтүнө чейин кийинкиге жылдырат.

11.9. Муну менен Пайдалануучу ушул Келишимди түзүп жатканда Банкка өз ыктыяры менен электрондук почта же башка жолу аркылуу берген, же болбосо Банк тарабынан ушул макулдукка ылайык үчүнчү жактардан алынган бардык жеке маалыматтарын иштеп чыгууга, ошондой эле өзүнүн жеке маалыматтарын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга жана Банктын кызматкерлерине жана комитеттерине өткөрүп берүүгө жана ачыкка чыгарууга, өзүнүн жеке маалыматтарын башка мамлекеттердин юрисдикциясындагы кармоочуларга трансчегаралык өткөрүп берүүгө эркин түрдө, аң-сезими жана өз эрки менен макулдугун берет.Жеке маалыматтар төмөнкү максаттар үчүн берилет:

  • жеке маалыматтардын субъектине мамлекеттик (муниципалдык) кызматтарды, банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүү максатында иштеп чыгуу үчүн;
  • тобокелдиктин профилин сегментациялоо жана топтолгон статистикалык маалыматты жаратуу үчүн. Пайдалануучунун инсанын коргоо үчүн Банк бардык жеке идентификаторлорун (бар болгон учурда) алып таштап, мындай маалыматтарды купуя ысымга (псевдонимге) өзгөртүп салат. Ушундай жол менен иштелип чыккан метамаалыматтарды баштапкы маалыматтарды кайра жаратуу үчүн колдонууга мүмкүн эмес. Топтолгон маалыматтар кардардын кредиттик жөндөмүн аныктоо максатында тандалган маалыматтарды талдоо кызматтары менен, анын ичинде CredoLab компаниясы менен бөлүшүлүшү мүмкүн.
  • алгоритмдер жана математикалык моделдөө аркылуу Пайдалануучунун финансылык кызматтарды алууга болгон кызыгуусун баалоо үчүн жеке маалыматтар колдонулат: медиа файлдар, байланыштар, календарь, табулатура таржымалы.

 

Пайдалануучу мобилдик жабдуудан чогултулган метамаалыматтарды Банк менен маалыматтарды чогултуу жана иштетүү боюнча келишимдери бар үчүнчү жактарга, атап айтканда Пайдалануучунун төлөө жөндөмүн эсептөө жана модельдөө үчүн анонимдүү маалыматтарды колдонгон CredoLab компаниясына берүүгө макул.

 

Ушул макулдук Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, персоналдык маалыматтарды сактоо мөөнөтү өткөнгө чейин кызматтарды көрсөтүү, Пайдаланучунун төлөм жөндөмдүүлүгүн баалоо максатында берилет жана Банк Пайдалануучунун персоналдык маалыматтарын иштеп чыгууну үчүнчү жактарга тапшырып берүү укугун кошо алганда, Персоналдык маалыматтарга карата бардык аракеттерди жасоого укуктуу.

 

 12. Банктын реквизиттери:

"Компаньон Банкы" ЖАКы
Дареги: Кыргыз Республикасы, 720044 
Бишкек ш., Шота Руставели көч., 62
Тел.: +996 (312)  33 88 00 
Факс: +996 (312) 986 979
e-mail: office@kompanion.kg

Веб сайт: https://www.kompanion.kg/

 

 

КОМПАНЬОН ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫНЫН ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА САКТАЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ЭРЕЖЕЛЕР:

 

Электрондук капчыктын ээлери жеке маалыматтарынын коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылуу максатында төмөнкү эрежелерди сактоого тийиш:

1. Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган жабдууларда (жеке компьютер, уюлдук телефон жана башкалар) же болбосо башка корголбогон алып жүрүүчү нерселерге логин, пароль, ПИН-код жана башка жеке маалыматтарды жазып, ачык текст түрүндө сактабоо;

2. Паролдорду сактоо үчүн атайын программалык камсыздоону (мисалы, KeePassXC Password Manager) колдонуу;

3. Авторизациялоо үчүн керек маалыматтарды жана башка жеке маалыматтарды башка адамдарга билдирбөө, ачып көрсөтпөө же башка жол менен бербөө, аларды жеткиликтүү жерлерде жайгаштырбоо;

4. Чаттар же электрондук почта аркылуу келген шилтемелер боюнча өтпөө. ПИН-кодду, паролду мезгил-мезгили менен өзгөртүп туруу, ошондой эле пароль катары символдордун жана белгилердин ысым же туулган күн сыяктуу жөнөкөй айкалышын колдонбоо;

5. Операцияны ишке ашыруунун же кандайдыр бир тактоолордун зарылчылыгы жок болгон учурда бөтөн бирөөгө жеке маалыматтарды (электрондук капчыктын номерин, паспорттук маалыматтарды, банк эсебинин номерин же электрондук почта дарегин, ПИН/паролду) бербөө;

6. Электрондук капчык боюнча каталарга же уруксатсыз транзакцияларга көз салып туруу үчүн операциялардын таржымалын (көчүрмөлөрүн) жана электрондук капчыктагы калдыкты дайыма текшерип туруу;

7. Электрондук капчыкка кирүү үчүн бир жерден табылган мобилдик жабдууларды, башка адамдардын гаджеттерин, коомдук жайларда (компьютердик клубдарда, китепканаларда ж.б.) орнотулган текшерилбеген компьютерлерди колдонбоо;

8. Өз пайдалануу жабдууну (персоналдык компьютерди, уюлдук телефонду, планшетти ж.б.) санкциясыз пайдалануудан жана зыян келтирүүчү программалардан коргоо, мында вируска каршы программаны дайым жаңыланышына жана анын туруктуу иштешине көз салуу;

9. Башкалар колдонуп албаш үчүн паролдорду браузерде сактабоо.

Өз пайдалануу жабдуу кыска мөөнөткө кароосуз калганына карабастан, электрондук операциялар ишке ашырылган мобилдик тиркемеден чыгып кетүү зарыл;

10. Электрондук капчык орнотулган мобилдик телефонду башка адамдар тараптан колдонуусуна жол бербөө;

11. Электрондук капчыкты уруксатсыз колдонуу учурлары, үчүнчү жактар тараптан санкциясыз жана/же алдамчылык менен ишке ашырылган операциялары жөнүндө Банкка ар кандай жолдор менен (жазуу жүзүндө, электрондук, оозеки түрдө, 8800 номерине чалып) дароо маалымдоо;

12. Электрондук капчык орнотулган мобилдик телефонду жоготуп же уурдатып жиберген учурда ага өз убагында бөгөт коюу үчүн Банкка ар кандай жолдор менен (жазуу жүзүндө, электрондук, оозеки түрдө) дароо маалымдоо;

13. Электрондук капчыкка акча которуу жөнүндө башка адамдардын буйруктарын аткарбоо. Эгерде ошондой буйруктар аткарылса, ошол адамдардын байланыштарын жана кат алышуунун скриншотторун сактап коюу зарыл. Кат алышуунун көчүрмөлөрү укук коргоо органдары үчүн далил болушу мүмкүн. Милицияга кайрылгандын дагы бир себеби: мыйзамсыз схема белгилүү болуп калса, башка адамдарды ушул сыяктуу жагдайларга кабылуудан сактап калат.

ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫКТЫН ЭЭЛЕРИ КАНДАЙ ТОБОКЕЛДИКТЕРГЕ ТУШ БОЛУШУ МҮМКҮН:

• Жеке маалыматтарды уурдоо: бул кара ниет кыянатчы тарабынан маалыматтарды өз максаттары үчүн колдонууга алып келиши мүмкүн. Мисалы, кыянатчы купуя маалыматтар үчүн акча талап кылышы мүмкүн же болбосо паспортуңуздун көчүрмөсүн башка жактарга көрсөтүп колдонуп алышы мүмкүн. 

Пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар болгон учурда Электрондук капчыктан акча каражаттарды уурдоо.

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫН КООПСУЗДУГУ ЖАНА АЛАРДЫ КОРГОО ТУУРАЛУУ СУНУШТАР:

• Браузериңиздин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз.

• Фишингден (паролду уурдоодон) коргоону камсыз кылыңыз;

• Калкып чыкмаларга бөгөт коюңуз;

• Төлөм ишке ашкандан кийин сайттан же тиркемеден чыгыңыз.