kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • ОНЛАЙН-КРЕДИТ БЕРҮҮ ПРОЦЕСИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Банк жаңылыктары

ОНЛАЙН-КРЕДИТ БЕРҮҮ ПРОЦЕСИНДЕГИ ӨЗГӨРҮҮЛӨР

бештин айы 2, 2024

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы 2024-жылдын 13-декабрынан тартып "Компаньон" мобилдик тиркемесинде онлайн-кредит берүү процессине киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалымдайт.

Онлайн-кредитке арыз берүү жана кароо процесси мурдагыдай эле тез - 5 мүнөткө чейин. Тастыкталган кредит бир убакыттан кийин мобилдик тиркеменин балансына чегерилет, ал убакыт тастыкталган кредиттин суммасына жараша болот.  Бул чара онлайн-кредит алууда кардарлардын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу максатында киргизилген.

Тастыкталган онлайн-кредит канча убакытта чегерилет?

  • 2 000 сомдон 14 999 сомго чейинки кредиттер дароо эле эсебиңизге түшөт.
  • 15 000 сомдон 49 999 сомго чейинки кредиттер үчүн - 3 саат;
  • 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 6 саат;
  • 100 001 сомдон жогору кредиттер боюнча – 24 саат, анын ичинде банк сиздин кредиттик арызыңыздагы маалыматтарды тактоо үчүн расмий номерден кошумча чалуу жүргүзүшү мүмкүн.

Бул өзгөртүүлөр Улуттук банктын 2024-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган №2024-П-12/63-1-(НПА) токтомунун алкагында киргизилген.

Биз сиздин финансылык транзакцияларыңызды коопсуз, ыңгайлуу жана ишенимдүү кылууга аракет кылабыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча кайрылыңыз (Кыргыз Республикасындагы уюлдук операторлордон чалуулар акысыз).

Бөлүшүү