- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН АКЦИЯ: VISA БИЗНЕС КАРТАЛАР МЕНЕН ТӨЛӨӨ ЖАНА ТИГҮҮ МАШИНАЛАРДЫ УТУП АЛ!
Банк жаңылыктары
ИШКЕРЛЕР ҮЧҮН АКЦИЯ: VISA БИЗНЕС КАРТАЛАР МЕНЕН ТӨЛӨӨ ЖАНА ТИГҮҮ МАШИНАЛАРДЫ УТУП АЛ!
Компаньон Банкы текстиль өндүрүшү менен алектенген ишкерлер үчүн супер акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт, анын алкагында 10 жеңүүчү бизнесин кеңейтүү үчүн тигүүчү машиналардын комплектине ээ болот!
Компаньон Банкы ар кандай тармактарда бизнести өнүктүрүүгө жигердүү колдоо көрсөтөт жана ошолордон негизги багыттардын бири жеңил өнөр жай. Биз кардарларга жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берүү үчүн тигүү бизнестеги жеке ишкерлери үчүн акциянын башталганын жарыялоого кубанычтабыз.
Акция 2024-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу болуп, иштеп жаткан жеке ишкерлер да, бизнесин жаңыдан баштап жаткандар да катыша алышат.
Жеңиш үчүн эмне кылыш керек? Компаньон Банкынын Visa Business картасынын ээси болуңуз, ошондой эле «Компаньон Бизнес» тиркемесинин колдонуучусу болуңуз жана товарлар менен кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө картаны активдүү колдонуңуз. Акцияда бардык соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн 500 сомдон баштап бардык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет өлкөлөрдөгү интернет төлөмдөр эске алынат.
Акциянын жыйынтыгы боюнча 10 (он) жеңүүчүү акциянын бардык мезгилдин аралыгынын төлөмдөрдүн эң чоң көлөмү (суммасы) боюнча аныкталат. Төлөмдөрдү канчалык жигердүү жүргүзсөңүз, утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот!
Байге фонду:
1, 2, 3, 4, 5 орун
Төмөндөгү тизмеленген 5 тигүү машинасынын топтому (ар бир жеңүүчү үчүн):
· Өзүн-өзү башкаруучу интеграцияланган жогорку ылдамдыктагы каптоочу тигүүмашинасы;
· Автоматтык ультра жогорку ылдамдыктагы төрт жиптүү оверлок тигүү машинасы;
· Өзүн-өзү башкаруучуультра жогорку ылдамдыктагыбеш жиптүү оверлок тигүү машинасы;
· Бир ийнелүүөзүн-өзү башкаруучучелноктуу тигүүчү машина;
· Бир ийнелүү жогорку ылдамдыктагытүз тигүүчү челноктуу тигүүчү машина.
6, 7, 8, 9, 10 орун
Төмөндөгү 3 тигүү машинасынын топтому (ар бир жеңүүчү үчүн):
· Өзүн-өзү башкаруучуинтеграцияланган жогорку ылдамдыктагы каптоочу тигүүчү машина;
· Өзүн-өзү башкаруучужогорку ылдамдыктагы беш жиптүү оверлок тигүү машинасы;
· Бир ийнелүү өзүн-өзү башкаруучу түз тигүүчү челноктуу тигүүчү машина.
Компаньон Банкынын Visa Business картасы ишкерлерге бизнес жүргүзүүнү жеңилдеткен жана натыйжалуураак кылган көптөгөн артыкчылыктарды берет:
• Акысыз чыгаруу жана жылдык тейлөө:
• Ыкчам эл аралык төлөмдөр жана онлайн төлөмдөр: Социалдык тармактарда, ресторандарда, кафелерде, сатып алууларда, күйүүчү май, заказдарды жеткирүү жана башка көптөгөн нерселер үчүн төлөңүз.
• Акысыз толуктоо: картаңызды өнөктөш төлөм терминалдары жана электрондук капчыктар аркылуу комиссиясыз ыңгайлуу толтуруңуз: Элкарт Mobile, О!Деньги, Balance, MegaPay, UMAI, Pay 24, BakaiBank, QuickPay, Элсомжана Оңой.
• Акысыз накталай акчаалуу: Өлкөдөгү каалаган банктын банкоматынан комиссиясыз накталай акча алыңыз.
Кененирээк маалыматты алуу үчүн Кардарларды тейлөө кызматына 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) алыңыз.
Бөлүшүү