- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ДЕПОЗИТТЕР БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ!
Банк жаңылыктары

КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ ДЕПОЗИТТЕР БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР ЖОГОРУЛАТЫЛДЫ!
бирдин айы 9, 2025
Банк Компаньон менен каржылык туруктуулукка кадам таштаңыз – пайдалуу пайыздык чендер менен депозит ачыңыз. Каржылык коопсуздук жаздыгын түзүүнү же маанилүү максаттарыңыз үчүн топтоону каалайсызбы, биздин депозиттер сакталган каражатыңызды көбөйтүүгө жана каалаган максаттарга жетүүгө жардам берет.
Өзүңүзгө ылайыктуу депозитти тандаңыз: Мөөнөттүү, Топтолуучу жана Пенсиялык депозиттер. Депозитти «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу же банктын каалаган кеңселеринен ачып, аманатыңыздан киреше таба баштаңыз!
Депозиттер боюнча жогорулатылган пайыздык чендер:
- 3 айдан 6 айга чейин — жылдык 7% пайыз. Жылдам киреше алуу каалагандар үчүн эки эселенген чен.
- 6 айдан 9 айга чейин — жылдык 10% пайыз. Туруктуу топтоо үчүн жакшы чечим.
- 9 айдан 12 айга чейин — жылдык 11% пайыз. Пайдалуу чен менен эң жакшы вариант.
- 12 айдан баштап - жылына 13% га чейин жагымдуу чен менен узак мөөнөттүү депозиттер.
Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:
- Пайдалуу пайыздык чендер — эң ылайыктуу мөөнөттү тандап, сакталган каражатыңызды көбөйтүңүз.
- Ыкчам ачылыш — «Компаньон» мобилдик тиркемесинде же банктын каалаган кеңселеринде.
- Кепилденген коопсуздук — бардык депозиттер Мамлекеттик депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган.
Компаньон Банкынан депозит ачып каражатыңызды көбөйтүңүз!
Толук маалымат алуу үчүн 88 00 номерине чалыңыз.
Бөлүшүү