- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА СОМ МЕНЕН КОТОРУУЛАР ҮЧҮН КОМИССИЯ ЖОЮЛДУ
Банк жаңылыктары
КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА СОМ МЕНЕН КОТОРУУЛАР ҮЧҮН КОМИССИЯ ЖОЮЛДУ
Компаньон мобилдик тиркемеси жана интернет-банкинги аркылуу өлкөнүн ичинде сом менен которуулар үчүн комиссиялар жоюлду.
Эми өлкө ичинде акча жөнөтүү жана алуу оңой, пайдалуу жана жеткиликтүү болуп калды! Кыргызстан боюнча мобилдик тиркемелерге, төлөм системаларына, электрондук капчыктарга жана банктык эсептерге каалаган суммада жана каалаган сандагы которууларды комиссиясыз жөнөтсө болот.
Кайсы комиссиялар жоюлду?
• Компаньон мобилдик тиркемеси жана интернет-банкинги аркылуу жеке жактар тарабынан жасалган которуулар, анын ичинде эл аралык төлөм системаларынын банктык карталарына жасалган которуулар.
• QR-код аркылуу төлөмдөр.
AppStore жана GooglePlayʼден Компаньон мобилдик тиркемесин жүктөп алып, Компаньон Банкынын ыңгайлуу жана пайдалуу кызматтары менен заматта акча которууларды ишке ашырыңыз.
Компаньон мобилдик тиркемеси тууралуу
Маанилүү:
Комиссиялардын жоюлушу өнөктөштөрдүн төлөм терминалдары жана банк кассалары аркылуу жасалган төлөмдөргө жайылтылбайт. Комиссиялардын жоюлушу 2024-жылдын 25-ноябрынан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин уланат.
Кошумча маалымат алуу үчүн, Кардарларды колдоо кызматына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылыңыз:
0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Бөлүшүү