- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- 7-ИЮНДА БАНКТЫН КЫЗМАТТАРЫН ПЛАНДЫК ЖАҢЫРТУУ
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
7-ИЮНДА БАНКТЫН КЫЗМАТТАРЫН ПЛАНДЫК ЖАҢЫРТУУ
Урматтуу кардарлар!
7-июнда саат 03:00дөн 06:00гө чейин банктын санариптик кызматтарын жакшыртуу максатында пландуу жаңыртуу иштери жүргүзүлөт.
Бул убакыт аралыгында банктын аралыктан тейлөө каналдары аркылуу жүргүзүлүүчү операциялар убактылуу жеткиликсиз болот.
«Компаньон» мобилдик тиркемесинде төмөнкү кызматтар жеткиликсиз болот:
QR аркылуу төлөмдөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу, ошондой эле карталар жана эсептер боюнча бардык которуулар жана операциялар;
онлайн-кредиттерди тариздөө жана төлөө;
эл аралык акча которуу системалары аркылуу которууларды жөнөтүү жана алуу.
Kompanion Business мобилдик тиркемесинде төмөнкү кызматтар жеткиликсиз болот:
тиркемедеги эсептер жана карталар боюнча операциялар, анын ичинде QR аркылуу төлөмдөрдү жөнөтүү жана кабыл алуу;
юридикалык жактар үчүн интернет-банкинг кызматы.
Сиздердин ыңгайлуулугуңуздар үчүн төмөнкү кызматтар жеткиликтүү болот:
Visa жана Элкарт карталары аркылуу банкоматтардан накталай акча алуу жана POS-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү;
«Компаньон» мобилдик капчыгынын балансынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүү жана которууларды аткаруу (эсептер ортосундагы которуулардан тышкары).
Убактылуу чектөөлөрдү эске алуу менен операцияларыңызды алдын ала пландаштырууну сунуштайбыз.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыз үчүн рахмат.
Суроолоруңуз жаралса, биз менен 88 00 номери аркылуу байланыша аласыз.
Бөлүшүү
