- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- 12-ОКТЯБРДА VISA КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА СЕРВИСТЕРДИ ПЛАНДУУ ЖАҢЫРТУУ
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
12-ОКТЯБРДА VISA КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА СЕРВИСТЕРДИ ПЛАНДУУ ЖАҢЫРТУУ
Урматтуу кардарлар!
12-октябрда саат 12:00дөн 23:59га чейин Компаньон Банкы сервистердин туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган Visa карталары боюнча пландуу иштерди жүргүзөт.
Бул убакыт аралыгында Visa карталары боюнча бардык операциялар убактылуу жеткиликсиз болот, анын ичинде:
Компаньон жана Компаньон Бизнес тиркемелериндеги төлөмдөр жана которуулар;
QR-төлөмдөр жана которуулар;
соода түйүндөрүндөгү төлөмдөр жана онлайн төлөмдөр;
банкоматтардан накталай акча алуу жана POS-терминалдар аркылуу төлөмдөр;
«Компаньон» жана «Компаньон Бизнес» тиркемелеринде картаны башкаруу;
эл аралык акча которууларды чегерүү.
«Компаньон» электрондук капчыгы жана Элкарт карталары кадимки режимде иштейт.
Каражаттарды алдын ала Компаньон Банкынын Элкарт картасына же «Компаньон» электрондук капчыгына которуп коюуну сунуштайбыз.
Жаңыртуу учурунда кредиттерди пландуу төлөө үчүн Компаньон Банкынын Элкарт картасын, «Компаньон» электрондук капчыгын же банктык эсепти колдонууну сунуштайбыз.
13-октябрдан тартып Visa карталары боюнча сервистер кадимки режимде жеткиликтүү болот.
Убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бардык суроолор боюнча: 88 00.
Бөлүшүү
