- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- «КОМПАНЬОН БИЗНЕС» ТИРКЕМЕСИНЕ КАТТАЛЫП, 1 000 СОМ АЛЫҢЫЗ
Банк жаңылыктары
%2520(1).png&w=3840&q=75)
«КОМПАНЬОН БИЗНЕС» ТИРКЕМЕСИНЕ КАТТАЛЫП, 1 000 СОМ АЛЫҢЫЗ
Бизнестин финансыларын смартфон аркылуу башкаруу - ыңгайлуу. Эми андан да пайдалуу: Компаньон Банкы ишкерлер жана компаниялар үчүн атайын акцияны сунуштайт. Банктан жеке сунуш алган кардарлар «Компаньон Бизнес» мобилдик тиркемесине катталып, эсебине 1 000 сом ала алышат.
«Компаньон Бизнес» компаниянын каржысын смартфон аркылуу башкарууга жана Банк бөлүмүнө барбастан күнүмдүк банктык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эми тиркемени кошумча пайда менен колдоно баштасаңыз болот - каттоо аяктагандан кийин Банк 1 000 сом чегерет.
Эгер сиз акцияга катышуу тууралуу Банктын расмий байланыш каналдары аркылуу push-билдирүү, SMS, WhatsApp билдирүүсүн же телефон чалуусун алсаңыз, 2026-жылдын 12-сентябрына чейин «Компаньон Бизнес» тиркемесине катталыңыз. Өтүнмө берүүнүн, промокод киргизүүнүн же атайын шилтеме аркылуу өтүүнүн кереги жок: Банк каттоону автоматтык түрдө текшерип, бонусту кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен эсептешүү эсебиңизге чегерет.
Акция «Компаньон Бизнес» тиркемесинде буга чейин катталбаган жана Банктан жеке сунуш алган жеке ишкерлер менен юридикалык жактар үчүн өткөрүлөт.
Акция 2026-жылдын 12-августунан 12-сентябрына чейин, 12-сентябрды кошо алганда, өткөрүлөт.
Акциянын толук шарттары менен шилтеме аркылуу тааныша аласыз: «КОМПАНЬОН БИЗНЕС» ТИРКЕМЕСИНЕ КАТТАЛЫП, 1 000 СОМ АЛЫҢЫЗ
Кошумча маалыматты 88 00 номерлери аркылуу алууга болот.
Бөлүшүү
