kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Сизге банк картаңыз үчүн оңой акча сунуштап жатышабы?

Банк жаңылыктары

Сизге банк картаңыз үчүн оңой акча сунуштап жатышабы?

кулжа айы 17, 2026

Сизге банк картаңыз үчүн оңой акча сунуштап жатышабы?

Сиздин картаңыз — товар эмес жана башка бирөөнүн бизнесинин куралы эмес.

«Эч нерсе кылуунун кереги жок. Болгону карта ачып, бизге өткөрүп бериңиз. Анын ордуна акча аласыз».

Мындай сунуштар бүгүнкү күндө мессенжерлерде жана социалдык тармактарда улам көбөйүүдө. Бир караганда бул зыянсыз көрүнүшү мүмкүн. Бирок иш жүзүндө сиздин картаңыз же эсебиңиз алдамчылык жана башка мыйзамсыз иштерге байланыштуу акча которуу жана накталай акчага айландыруу үчүн колдонулушу мүмкүн.

Эсиңизде болсун: банк картасы, эсеп, логин, сырсөз, PIN-код жана SMS-коддор сиздин атыңызга катталган жана жеке колдонууңуз үчүн берилет.

Аларды башка адамдарга берүү менен сиз алардын кандай максатта жана кандай жол менен колдонулуп жатканын көзөмөлдөй албай каласыз.

Эгер кимдир бирөө картаңызды же эсебиңизге кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу акча табууну сунуштаса — макул болууга эмес, баш тартууга себеп бар.

Маалыматтарыңызды коргоңуз. Шектүү схемаларда башка бирөөнүн куралы болуп калбаңыз.

Биз дайыма байланыштабыз: 88-00

Бөлүшүү