- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- ROYAL CENTRAL PARK AMAZING RACE 2026 ИШ-ЧАРАСЫНА ЧАКЫРАБЫЗ
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
ROYAL CENTRAL PARK AMAZING RACE 2026 ИШ-ЧАРАСЫНА ЧАКЫРАБЫЗ
2026-жылдын 25-июлунда Royal Central Park аймагында Royal Central Park Amazing Race 2026 үй-бүлөлүк иш-чарасы өтөт. Конокторду кызыктуу тапшырмалар, көңүл ачуучу программа, музыкалык шоу жана баалуу белектердин ойнотулушу күтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Amazing Race оюнунда күчүн сынап, фестивалдык аймактагы көңүл ачууларга жана гастрономиялык жайларга бара алышат, үй-бүлөсү менен эс алып, Royal Central Park Sunset музыкалык программасын жана Royal Water Symphony музыкалык фонтан шоусун көрө алышат. Ошондой эле бардык каалоочулар Royal Grand Draw 2026 утуш ойнотуусуна катталып, iPhone, iPad, абаны муздаткыч жана башка баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Иш-чаранын алкагында Компаньон Банкы Royal Central Park турак жай комплексинен батир сатып алууга арналган ипотекалык программасын сунуштайт. Банктын жана долбоордун сатуу бөлүмүнүн адистери ипотеканын учурдагы шарттары боюнча кеңеш берип, келген коноктордун суроолоруна жооп берип, турак жайды, анын ичинде баштапкы төлөмсүз сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришет.
Күнү: 2026-жылдын 25-июлу
Башталышы: саат 14:00
Өтүүчү жери: Royal Central Park, Термечиков көчөсү, 16, Бишкек
Кирүү акысыз.
Бөлүшүү
