kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • 6-ОКТЯБРДАН 12-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ПЛАНДУУ ЖАҢЫРТУУЛАР

Банк жаңылыктары

6-ОКТЯБРДАН 12-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ПЛАНДУУ ЖАҢЫРТУУЛАР

тогуздун айы 6, 2026

Урматтуу кардарлар!

6-октябрдан 12-октябрга чейин Компаньон Банкы сервистердин туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында системаларды пландуу жаңыртуу иштерин жүргүзөт.

Бул мезгилде Visa карталары боюнча айрым операциялар, анын ичинде карталарды чыгаруу, карта номери боюнча которуулар, ошондой эле Компаньон Банкынын банкоматтарында жана POS-терминалдарында жүргүзүлүүчү операциялар убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн.

12-октябрда саат 12:00дөн 23:59га чейин техникалык иштердин негизги этабы жүргүзүлөт.

Бул убакыт аралыгында Visa карталары боюнча операциялар жеткиликсиз болот:

  • «Компаньон» жана «Компаньон Бизнес» тиркемелериндеги төлөмдөр жана которуулар;

  • QR-операциялар;

  • онлайн төлөмдөр;

  • банкоматтардагы жана POS-терминалдардагы операциялар;

  • эл аралык акча которууларды эсепке чегерүү.

12-октябрда саат 12:00дөн 23:59га чейин жөнөтүлгөн Гросс, клиринг жана SWIFT төлөмдөрү 13-октябрда эсепке чегерилет.

Техникалык иштердин негизги этабында кредиттер боюнча пландуу төлөмдөрдү Компаньон Банкынын Элкарт картасынан, «Компаньон» электрондук капчыгынан же эсептешүү эсебинен жүргүзүүнү сунуштайбыз.

Керектүү операцияларды алдын ала жүргүзүп, зарыл болгон учурда каражаттарды Компаньон Банкынын Элкарт картасына, «Компаньон» электрондук капчыгына же эсепке которуп коюуну сунуштайбыз.

13-октябрдан тартып бардык сервистер кадимки режимде иштейт.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Бардык суроолор боюнча: 88 00.

Бөлүшүү