kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Бизнес үчүн SWIFT-которуулар — Банктын комиссиясы 0%

Банк жаңылыктары

Бизнес үчүн SWIFT-которуулар — Банктын комиссиясы 0%

теке айы 14, 2026

Бизнес үчүн SWIFT-которуулар — Банктын комиссиясы 0%

2026-жылдын 15-июлунан 31-августуна чейин Компаньон Банкы юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн атайын акция өткөрөт.

Бул мезгилде чыгуучу SWIFT-которуулар үчүн Банктын комиссиясы которуунун суммасына карабастан 0% түзөт.

Акция эл аралык эсептешүүлөрдүн чыгымдарын азайтууга жардам берип, SWIFT-которууларынын ылдамдыгын жана ишенимдүүлүгүн сактап калат.

Акциянын шарттары

Акция Компаньон Банкынын кардары болгон юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге арналган.

Акция төмөнкү валюталардагы которууларга колдонулат:

  • РФ рубли (RUB);

  • Казакстан теңгеси (KZT);

  • Кытай юаны (CNY);

  • Евро (EUR).

АКШ долларындагы (USD) которууларга Банктын стандарттык тарифтери колдонулат.

Акциянын мөөнөтүндө жүргүзүлгөн которуулардын суммасына жана санына карабастан Банктын комиссиясы алынбайт.

SWIFT-которууну кантип жөнөтүүгө болот?

Сиз үчүн ыңгайлуу болгон ыкманы тандаңыз:

  • Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүндө банк кызматкеринин жардамы менен;

  • интернет-банкинг аркылуу өз алдынча.

Азырынча Банктын кардары эмессизби?

Акцияга катышуу үчүн Компаньон Банктан юридикалык жактын же жеке ишкердин эсептик эсебин ачуу жетиштүү. Банктын адистери бардык документтерди тариздөөгө жана интернет-банкингди туташтырууга жардам беришет.

Акциядан пайдаланып калыңыз!

2026-жылдын 31-августуна чейин RUB, KZT, CNY жана EUR валюталарында эл аралык SWIFT-которууларды Банктын комиссиясын төлөбөстөн жүргүзүңүз.

Компаньон Банктан эсеп ачып, SWIFT-которууну интернет-банкинг аркылуу же жакынкы бөлүмдөн бүгүн эле жөнөтүңүз.

Акция тууралуу кеңири маалыматты Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүнөн же 88-00 номери аркылуу ала аласыз.

Бөлүшүү