kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Жай пайдалуу болсун: жума күнү жол кире үчүн 50% кэшбэк!

Банк жаңылыктары

Жай пайдалуу болсун: жума күнү жол кире үчүн 50% кэшбэк!

теке айы 13, 2026

Жай пайдалуу болсун: жума күндөрү жол кире үчүн 50% кэшбэк!

Бишкек шаарындагы коомдук транспортту колдонгондор үчүн жай дагы да пайдалуу болду!

Акция өтүүчү күн 17-июль күнү «Тулпар» системасы аркылуу «Компаньон» электрондук капчыгы менен жол акысын төлөп, бир жол жүрүүнүн наркынын 50%ын кайра электрондук капчыгыңызга алыңыз.

Акция «Тулпар» аркылуу төлөм кабыл алынган Бишкек шаарындагы бардык коомдук транспорт каттамдарында, анын ичинде №1 жана №153 эң узун маршруттарда да жарактуу.

Кэшбэкти кантип алуу керек?

  • жол акысын «Компаньон» мобилдик тиркемесиндеги электрондук капчык аркылуу төлөңүз;

  • «Тулпар» системасы иштеген Бишкек шаарындагы коомдук транспортту пайдаланыңыз;

  • бир жол жүрүүнүн наркынын 50%ын кайра «Компаньон» электрондук капчыгына алыңыз.

Кэшбэк автоматтык түрдө эсептелет. Кошумча катталуунун кереги жок.

Мобилдик тиркемени жаңыртып, жол акысын ыңгайлуу төлөп, ар бир акциялык сапар үчүн чыгымыңыздын бир бөлүгүн кайра алыңыз.

Акциянын шарттары менен бул жерден таанышыңыз

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00

Бөлүшүү