- Жеке кардарлар үчүн
- Кредиттер
- Керектөө кредиттери
Керектөө кредиттери
Керектөөлөр үчүн кредит жашоо шарттарын жакшыртуу, кыймылсыз мүлк сатып алуу, билим алуу, эс алуу, дарылануу, унаа жана башка буюмдарды сатып алуу үчүн берилет.
Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин. Максималдуу сумма күрөөгө эмне коюп жатканыңызга жараша эсептелет. Кылмылдуу мүлктү (унаа) күрөөгө койгон учурда 500 000 сомго чейинки суммада кредит алсаңыз болот.
Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин. Калькулятордун жардамы менен кредитти төлөөнүн өзүңүзгө эң ыңгайлуу мөөнөтүн эсептей аласыз (гипершилеме). Керектүү сумманы көрсөтүп, мөөнөт сыдырмасын жылдырыңыз — калькулятор тандалган мөөнөт аралыгында ай сайын канча суммада төлөм аткарышыңыз керектигин заматта көрсөтүп берет.
Камсыздоо: кыймыжана кыймылсыз мүлк, кепилдик.
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 23,5% баштап
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 26,41% баштап
Кредитти накталай акчага айлантуу үчүн комиссия Банктын тарифине ылайык алынат.
Кредитти кимдер ала алат?
Жашы 18ден 68 жашка чейинки жеке жактар жана жеке ишкерлер:
- Кыргызстандын паспорту бар жарандар
- кайсы гана болбосун банкта же микрокредиттик уюмда кредиттик тарыхы оң көрсөткүчтө болгон жаран
- расмий айлык алып иштеген же бизнестен киреше тапкандар.
Айыл чарба жаатында алектенген ишкерлер Айыл өкмөтүнөн малы же жер тилкеси бар экенин тастыктаган маалымкат алып келип көрсөтүшү кажет.
5 мүнөттүн ичинде веб-сайттагы арызды толтуруңуз