- Жеке кардарлар үчүн
- Акча которуулар
- Kaspi.kz аркылуу Элкарт карталарына
Kaspi.kz аркылуу Элкарт карталарына
Kaspi.kz тиркемесинде которуу үчүн:
- «Которуулар» кызматында «Менин которууларым» бөлүмүн тандап, андан ары «Эл аралык которууларды» басыңыз.
- «Эл аралык которуулар» бөлүмүндө Элкартка которуунун эки түрү бар, Компаньон Банкынын Элкарт картасына которуу үчүн «Карталар» баскычын тандаңыз
- ЭЛКАРТ картасынын номерин толтуруңуз, алуучунун аты-жөнү автоматтык түрдө чыгат.
- Которуунун суммасын теңге менен көрсөтүңүз. Тиркеме Казакстандын теңгесин автоматтык түрдө Кыргызстандын сомуна конвертациялайт.
- «Чечип алууга» баскычын басып, андан соң пайда болгон терезедеги «Ырастоо жана сумманы чечүү» баскычын басыңыз.
- Телефон номериңизге жиберилген SMS’теги бир жолку кодду териңиз.
- Андан соң которуу кабыл алынганы тууралуу билдирүү пайда болот.
Кызмат 24/7 жеткиликтүү. Которууну бир гана теңге менен жиберүүгө болот. Конвертация ар бир транзакция ишке ашырылган сайын өнөктөш банктын курсуна ылайык жүргүзүлөт, сиз аны которуп жатканда экранда көрө аласыз.
Кантип алуу керек?
Которуу дароо ишке ашат. Кардар картадагы балансты текшерүүсү кажет. Эгер мурдараак SMS-билдирүү кызматы кошулган болсо, толуктоо тууралуу SMS-билдирүү келет.
Толуктоо тууралуу SMS же push-билдирүү эгер бул кызматтар кошулган болсо келет.
Тарифтер жана лимиттер
Которуу үчүн комиссия: которуунун суммасынан 0,95%, эң аз дегенде 200 теңге.
Бир жолку которуунун минималдуу суммасы: 50 сом.
Бир жолку которуунун максималдуу суммасы: 15 000 сом.
Бир күндө которуу мүмкүн болгон максималдуу сумма: 150 000 сом.
Бир айда которуу мүмкүн болгон максималдуу сумма – 1 000 000 сом.
Которуунун санына чектөөлөр жок.