- Жеке кардарлар үчүн
- Акча которуулар
- «Компаньон» жана электрондук капчыктарга которуулар
«Компаньон» жана электрондук капчыктарга которуулар
Электрондук капчыкка нак эмес акча каражаттарын которуу үчүн, төмөнкү аракеттерди жасоо керек:
1. Тиркеменин башкы бетинде«Которуулар»бөлүгүн тандоо керек;
2. Ачылган бетте которуунун«Капчыкка»деген түрүн тандоо;
3. Көрсөтүлгөн электрондук капчыктардын ичинен керектүүсүн тандоо;
4. Ачылган«Которуунун параметрлери»терезечесинде төмөнкү реквизиттерди толтуруу керек:
- «Эсептен»— эсептешүү/карталык эсеп тизмесинен тандалат. Акча каражаттары ушул эсептен которулат;
- «Капчыктын номери»— акча каражаттары которула турган электрондук капчыктын номери көрсөтүлөт;
- «Которуунун суммасы»— тандалып алынган электрондук капчыкка которулуучу акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт.
5. Реквизиттерди сактоо жана көрсөтүлгөн электрондук капчыкка акча каражаттарын которуу үчүн“Которуу”баскычын басуу керек;
6. Ачылган«Операцияны ырастоо»терезечесинде көрсөтүлгөн реквизиттерди тактап,“Ырастоо”баскычын басуу зарыл;
7. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат камтылган«Операция аткарылды»терезечеси ачылат.
Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү:
“Жышка сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;
“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;
“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.